KELECHEK
rek

Ала-Бука районунда өлгөн адамдын денесин мазактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Ала-Бука районунда өлгөн адамдын денесин мазактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Ала-Бука районунда аялдын сөөгүн көмүлгөн жеринен казып чыгарып салган окуя боюнча 2016-жылдын 19-октябрында Ала-Бука РИИБнүн тергөөчүсү У.Жылкычыев тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 263–беренеси менен “Өлгөн адамдын денесин же алар көмүлгөн жерди мазактоо” боюнча кылмыш ишин козголуп, азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Кылмыш иши факт боюнча ачылды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын  басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубаевдин берген маалыматына караганда, ага катышкандар аныкталса, үч жылдан беш жылга чейин камалышат.

Мындан эки жума мурун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жерге берүүдө талаш чыккан. Ал башка динге өтүп кеткени жүйө келтирилип, жергиликтүүлөр сөөктү мүрзөдөн эки ирет чыгарып салышкан. Кийинчерээк жабырлануучу тарап буга 10-башкармалыктын өкүлдөрү да аралашканын билдиришкен. Диний ишенимине байланыштуу үч ирет жерге берилген аялдын окуясын терең иликтөөнү сурап, акыйкатчы Башкы прокуратурага кат жолдогон.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алима Аманованын берген маалыматына караганда, өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан Ала-Бука районунда өлгөн адамдын денесин мазактоо фактысы боюнча иликтөө иштери жүргүзүлдү.

- Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Сары-Талаа айылынын тургуну 1940-жылы туулган Сатыбалдиева Канымгүл Сатыбалдиевна 2016-жылдын 13-октябрь күнү каза болгон. Сатыбалдиева Канымгүл христиан - баптисттер динин кармангандыгын кошуналары билишкен, ал өзү да жашырган эмес. Ошол себептен, Сары-Талаа айылынын жергиликтүү тургундары анын денесин айылдагы мусулмандар көмүлүүчү мүрзөгө коюуга каршы чыгышканкандан улам, маркумдун бир туугандары Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине кайрылышкан. Эртеси 14-октябрь күнү Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.Акпаралиев атайын жыйналыш чакырып, райондун прокурору А.Байбосунов, райондук МУКК башчысы К.Ибрагимов, Ала-Бука РИИБнүн башчысы Э.Молдокеев, райондук баш имам хатиби Шумкар Чыналиев жана 6 айылдын имамдары болуп, айыл элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн, - дейт А.Аманова.

Аманованын айтымында, иш-чараларга Ала-Бука айыл аймагынын башчысы Гулнара Умарова да катышкан.  Натыйжада маркумдун денесин Өрүктү айыл аймагынын Навои ашуусуна коюу чечилген, бирок көмө баштаганда жергиликтүү тургундар каршы чыгышкан. Денени көмүүгө мүмкүн болбогондуктан, Ала-Бука айылынын четиндеги, мурда христиан динидегилер коюлган, “Канымбүбү” мүрзөсүнүн бир четине көмүлгөн.

Арадан 3 күн өтүп 2016-жылдын 17-октябрь күнү Ала-Бука айылынын 19 тургуну “Канымбүбү” мазарынын алдына чогулуп, нараазычылыктарын билдире башташкан. Ал жерге райондун акими, орун басары, аппарат жетекчиси, Ала-Бука РИИБнүн башчысынын орун басары, баш имам хатиб, айыл өкмөт башчысы барышып, түшүндүрүү иштерин алып барышкан, бирок чогулган эл көмүлгөн денени казып чыгарып, анын туугандарына “алып кеткиле”-деп кабар беришкен. Маркумдун кыздары Азаева Жылдыз жана Турсунай “жансыз дене бизге керек эмес, калааганыңарды кылгыла”- деп  жооп беришкен.

Ала-Бука айыл аймагынын кызматкерлери, баш имам хатиб жана башкалар маркум К. Сатыбалдиеванын жансыз денесин Чаткал районунун Шекафтар айылына барчу жолдогу Кара-Тоо участкасындагы тоонун бооруна жерге беришкен.

Жерге берилген өлүктү казган адамдар Ала-Бука айылынын тургундары Койчуманкулов Топчубек 1952-жылы туулган, Койчуманкулов Мирбек 1977-жылы туулган, Койчуманкулов Максат 1986-жылы туулган, Исмаил уулу Акылбек 1986 –жылы туулган жана Кулчунов Акылбек 1947-жылы туулган кылмышка шектүү адам катары тартылып жатышат.

“Бул факт диний толлиранттуулуктун жоктугун айгинелейт. Мындай жагдайлар мыйзам актылары менен жөнгө салынган эмес. Андыктан, тийиштүү мыйзамдарга кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептейбиз”, - дейт А.Аманова.

Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg".

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...