KELECHEK
rek

Жалал-Абадда өнөр жай ишканалары продукция өндүрүүнү арттырышууда

Жалал-Абадда өнөр жай ишканалары продукция өндүрүүнү арттырышууда

Жалал-Абад шаарындагы көпчүлүк өнөр жай ишканалары ички ресурстардан туура пайдаланып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун эсебинен бош турган өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңири керектелүүчү товарларды иштеп чыгууга буруу менен көп продукция алууга жетишишти. Бул тууралуу шаардын мэриясынын аткаруу комитетинин быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыктарын талкуулаган жыйынында белгилүү болду.

Тактап айтканда, өткөн 2015-жылдын 9 айына  салыштырмалуу шаардагы “Элдик” мамлекеттик ишканасы 19 миллион 15,9 миң сомдук, темир буюм иштеп чыгаруучу кичи ишканалар 17 миллион 826,0 миң сомдук, “Жалал-Абадгаз”  жоопкерчилиги  чектелген коому 15 миллион 848,7 миң сомдук, “Элнур Дан” жоопкерчилиги чектелген коому 5 миллион 289,6 миң сомдук, “Келечек” мамлекеттик ишканасынын филиалы 4 миллион 556,9 миң сомдук, “Тазалык” атайын автоунаа ишканасы 2 миллион 563,4 миң сомдук, “Ак-Алтын” жоопкерчилиги чектелген ишканасы 2 миллион 249,3 миң сомдук, нан иштеп чыгаруучу жеке ишкерлер 1 миллион 862,4 миң сомдук, “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгы 1миллион 96,3 миң сомдук, алкоголсуз ичимдиктер иштеп чыгаруучу кичи ишканалар 1 миллион 32,8 миң сомдук, “Насос” акционердик коому 779,5 миң сомдук, кагаз иштеп чыгаруучу кичи ишканалар 529,6 миң сомдук, “Кыргыз көзү азиздер жана дүлөйлөр” окуу өндүрүштүк бирикмеси 444,4 миң сомдук, “Лесной продукт” жоопкерчилиги чектелген коому 313,6 миң сомдук жана “Алманбет”  жоопкерчилиги чектелген ишканасы 238,3 миң сомдук көп продукция өндүрүүгө жетише алышты.

Жогоруда белгиленген өнөр жай ишканалары тарабынан өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпысынан 73 миллион 646,5 миң сомдук продукция көп өндүрүлдү же шаар боюнча өндүрүлгөн продукциянын 4 пайыз көлөмүн түздү.

Ошол эле кезде мэриянын аткаруу комитети бир катар ири өнөр жай ишканаларынын өндүргөн продукциясы экспорттолбой, чыгым тартып жатышканын белгиледи жана бул абалдан чыгып кетүү жагынан ишканаларга сунуштарды берди. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38