Сузак районунда 14 жаштагы өспүрүм бала 10 миң сом үчүн өз жанын кыйды
Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Сымкат айылынын тургуну, А.Тажибаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу 14 жаштагы Алимбеков Шерзат Талантбекович өзүн-өзү асып каза болгон.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан Сузак районунда өспүрүм баланын өз жанын кыюу фактысы боюнча иликтөө иштери жеринде жүргүзүлүп, көзөмөлгө алынды.
- 2016-жылдын 23-октябрь күнү саат 19-00 чамасында Сузак РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө, Октябрь аймактык ооруканасынан Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Сымкат айылынын тургуну, А.Тажибаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу 07.02.2002-жылы туулган Алимбеков Шерзат Талантбекович өзүн-өзү асып каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Сузак РИИБнүн тергөө оперативдик тобу жана жетекчилиги Ленин айыл өкмөтүнүн Сымкат айылынын тургуну А.Тажибаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Ш.Алимбековдун үйүнө барып, кароо учурунда ал жашаган үйүнүн короосунда жайгашкан мал сарайында 2 метр жипке өзүн-өзү асып алгандыгы аныкталган.
Ошол эле күнү атасы Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнүн Сымкат айылынын тургуну 07.05.1969-жылы туулган Алимбеков Талантбек Жусупович милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал “2016-жылдын 15-октябрь күнү саат 02-00 чамасында уулу Ш.Алимбековду, Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнүн Сымкат айылынын тургуну 15.04.1992-жылы туулган Токтосунов Кубаныч Бакытбекович, Сузак районунун Винсовхоз айылындагы бакка алып барып, “акча уурдаганынды мойнуңа аласыӊ” деп уруп сабаган деп” – арыз менен кайрылган, - дейт КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алима Аманова.
Анын айтымында, 2016-жылдын 23-октябрь күнү каза болгон Шерзат Алимбеков Талантбековичтин жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, өлүктү сырттан кароо учурунда Ш.Алимбековдун денесинде каза болгонго чейинки жарааттары бар экендиги аныкталган.
“Аталган факты боюнча топтолгон материал 2016-жылдын 23-октябрь күнү Сузак РИИБнун КККне № 1411 саны менен катталып, алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп, 26.10.2016-жылы Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-ст. 3-б, 2-п. менен 43-16-409 саны кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, - дейт А.Аманова.
Аманованын айтымында, өзүнүн өмүрүнө өзү кол салган Шерзат Алимбеков өлөрдөн бир нече күн мурун кат жазып таштаган. Ал катында: “10 миң сомду уурдадың деп айылдашы Кубаныч Токтосунов аны Винсозхоз айылындагы бакка түн жарымында алып барып ургандыгын, жана андан кийин Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүндө участкалык инспектор уурулукту мойнуна алдырган түшүнүк катты мажбурлап жаздыртып алгандыгын, атасы К.Токтосуновго берген 10 миң сомду 100 миң сом кылып кайтарып берерин, уурулук жасабагандыгын, ак экендигин, Орусияда жүргөн апасын бир көрүп алууга куштар болуп сагынгандыгын” жазган.
“Акыркы мезгилде Шерзат Алимбеков сабакка көп барбай калган экен. Анын апасы Орусияда миграцияда жүргөндүктөн, ал чоң энеси жана атасы менен чогуу жашап жүрүптүр. Акчаны уурдады деп күнөөлөп жаткан тарап менен эски кастык мамилелери да бар экендиги айтылып жатат. Бул окуя боюнча кылдат териштирүү талап кылынат”, - дейт А.Аманова.
Каза болгон Ш.Алимбековдун тирүү кезинде кол телефонго тартылган тасмада ал өзүнүн 3.5 миң сомун милиция кызматкери алып койгондугун, ал акчанын 2 миң сомун сайдагы ташты унаага жүктөгөндүгү үчүн, ал эми 1,5 миң сомун ажааткана казагандыгы үчүн алгандыгын айткан. Аймактык милиция кызматкери Шерзатты суракка алган мезгилде анын мыйзамдуу өкүлү катары атасы же мектеп мугалими болбогон. Аны жалгыз алып барып суракка алышып, ал уурулукту мойнуа алган түшүнүк катты жазып берген.
“Милиция кызматкерлери ушул жерде катачылык кетиришкен. Себеби, Шерзат Алимбеков 14 жаштагы жашы жете элек өспүрүм болгондуктан, аны суракка алганда жанында мыйзамдуу өкүлү чогуу болушу зарыл эле. Атасы Талантбек Алимбеков да өз убагында Кубаныч Токтосуновдун үстүнөн баласы Шерзатты Сузак районунун Винсовхоз айылындагы бакка алып барып, “акча уурдаганынды мойнуңа аласыӊ” деп уруп, сабагандыгы боюнча арыз жазбай койгон. Качан баласы каза болгондон кийин гана арыз жазып жатат”, - деди Акыйкатчынын облустагы өкүлү.
Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg".
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05