KELECHEK
rek

Ошто КР Жергиликтүү жамааттарынын, автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Ошто КР Жергиликтүү жамааттарынын, автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Кечээ, 28-октябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында КР Жергиликтүү жамааттарынын, автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чарага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, шаар мэри эки кесиптин ээлерин майрамдары менен куттуктап, шаардын, мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдары чоң экенин белгиледи.

- Быйылкы жыл жергиликтүү жамаатарынын кызматкерлери шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, муктаждыктарын чечүү багытында чечкиндүү аракеттерди көрүшүп, тогуз айдын ичинде Ош шаары дээрлик бардык социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча республикада жогорку көрсөткүчтөргө жетишти. Бул ийгиликтердин жаралышына биринчи кезекте жергиликтүү жамааттардын, муниципалдык кызматкерлердин салымы чоң.

Ошондой эле, шаар чарбасынын негизги тармагын түзгөн автомобиль транспоту жана жол чарба кызматкерлеринин эмгеги да өзгөчө жооптуу. Эгерде шаар чарбасын бүтүндөй организм катары элестете турган болсок, автомобиль транспорту жана жол чарба тармагы анын өзөгүн түзөт. Сиздер да ары оор, ары сыймыктуу кесибиңиздерди аркалап, шаардыктарга татыктуу кызмат көрсөтүп келе жатканыңыздарды билебиз,-деди А.Кадырбаев.

Иш-чаранын жүрүшүндө, А.Кадырбаев Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, ак ниет эмгеги жана КР Жергиликтүү жамааттарынын кызматкерлерине, ошондой эле, шаардын калкына сапаттуу кызмат көрсөтүүгө кошкон салымы, тарнспорт тармагындагы ак ниет эмгеги үчүн автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерине мэриянын Ардак грамоталарын, акчалай сыйлыктарын жана баалуу белектерин тапшырды.

Мындан сырткары, КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы Ош шаардык мэриясынын алдындагы тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары Ильяс Абдыраимовго, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Ашимжан Семетеевге тапшырылды.

Ал эми мэриянын уюштуруу кадрдык иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Нуралы Курмантаев жана "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Курманбек Апиев “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги” төш белгиси менен сыйланышты.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18