Улуттук Кызыл Ай коому 90 жылдыгына карата Жалал-Абадда сүрөт көргөзмөсүн өткөрдү
Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында Улуттук Кызыл Ай коому өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсүн өткөрдү. Бул тууралуу аталган коомдун “Аярлуу аялдар борборунун” администратору Күлбарчын Исмаилова билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, сүрөт көргөзмөгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, студенттер, уюмдун өнөктөштөрү келип катышты. Көргөзмөгө 1926-жылдан бери Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан аткарылган иштер боюнча сүрөттөр коюлган. Көргөзмөгө келгендер уюмдун 90 жыл аралыгында аткарган иштерин сүрөттөр аркылуу көрүшүп, тарыхы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
“Азыркы учурда Улуттук Кызыл Ай коому бутуна туруп, чоң-чоң ийгиликтерге жетишип жатат. 18-октябрда Бишкек шаарында өткөн 90 жылдык салтанатка биз да барып катышып келдик. Ошондой эле, коомдун ыктыярчыларынын саны да арбып калды. Тигүү курсунан бүткөндөрдүн саны эле 5 миңге жетти. Биздин коом тарабынан кургак учук менен ооругандарга жардам берип келе жатабыз. “Үй-бүлөнү калыбына келтирүү ” долбоору иштеп жатат”, - дейт К.Исмаилова.
Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн “Потенциалды жогорулатуу” долбоорунун координаторунун жардамчысы Зафар Абидовдун берген маалыматына караганда, “Үй-бүлөнү калыбына келтирүү” долбору боюнча облус аймагынан 15 заявка келип түшкөн. Мында алыскы Чаткал, Аксы райондорунан да бар.
“Жакында Жалал-Абад шаарынын 3 үй-бүлөгө Орусияда жоготкон жакындарын таап берүүгө штаб аркылуу жардам бердик. Башка заявкалар боюнча айтсам, Орусияда, Германияда аталарынын сөөгү калып кеткен экен. Мына ошонун жообун күтүп жатабыз”, - дейт З.Абидов.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13