Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларга каршы чаралар кучөтүлөт
Жалал-Абад шаарында балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасындагы укук тартибин бузууларга жана кылмыштуулукка каршы көрүлүп келаткан чаралар мындан ары дагы да күчөтүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева мэрияда өткөн жыйында билдирди.
Мэрия тарабынан “Канткенде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларга жана кылмыштуулукка бөгөт коё алабыз? Шаардагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн аймактарга бөлүнүп урушуусун токтотууга болобу?” аттуу темада тегерек стол болуп, ага шаар жетекчилери, мектептердин жана орто окуу жайларынын директолору, укук коргоо органдарынын, коомчулук менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Жыйынга катышкандар адегенде жыл башында ушул маселе боюнча кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышын талкуулашып, балдар арасындагы укук бузуулар жана кылмыштуулук жагынан позитивдүү өзгөрүүлөр бардыгын белгилешти. Анткени, быйылкы жылдын 9 айында ар кандай терс көрүнүштөр менен 77 өспүрүм жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан каттоого алынса, бул мурдагы жылдарга караганда кыйла аздык кылат. Андан калса, аймактарга бөлүнүп мушташуу фактылары да дээрлик жокко эсе. Балдар арасындагы терс көрүнүштөр кыйла азайып калганы сезилип турат.
- Бирок, биз бул маселеде дагы эле бир топ мүчүлүштүктөргө жол коюп жатабыз, кайдигерлик да орун алууда. Ошондуктан, ар бир мектепте, орто окуу жайларында, шаардагы аймактык башкаруулар менен жамааттарда балдарга тарбия берүү, алардын коомдук жүрүш-турушун көзөмөлгө алуу жагы күчөтүлүшү керек. Азыр ишти жакшыртуу боюнча түшкөн сунуштарды толугу менен аткарып, кийинки кварталда бул маселеге дагы кайрылабыз, - деди А. Раматиллаева.
Тегерек столдун катышуучулары балдардын тарбиялоодогу ата-энелердин ролун жогорулатуу жана шаарда өспүрүмдөр арасында маданий-интеллектуалдык иш-чараларды такай өткөрүп туруу жагын көңүлгө алышты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13