Жалал-Абад милициясына да үй курула баштады
Бүгүн Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери үчүн 100 батирлүү көп кабаттуу үйдүн алгачкы капсуласы жакшы тилектердин коштоосунда салынды. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, мындай саамалыкка КРнын ИИМнин орун басары, милициянын генерал майору Сүйүн Өмүрзаков, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана өздүк курамы, ИИМдин ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Ички иштер органдары үчүн атайын көп кабаттуу үйдүн курулушу Жалал-Абад облусунун тарыхында алгачкысы. Милиция кызматкерлерине карата мамлекет тарабынан көрүлгөн мындай камкордукка учурда коомчулук тарабынан да жылуу каалоо-тилектер байма-бай айтылып келет.
Буга чейин Баткен, Ош, Чүй, Бишкек аймактарында жаңы батирдин ачкычтары турак жайга муктаж милиция кызматкерлерине тапшырылган болсо, эми бул багыттагы иш-чара Жалал-Абад облусунда да уланууда деген оюн ИИМдин орун басары билдирди. “Мындай ири курулуштардын тез арада бүткөрүлүшү өлкө башчысынын чечкиндүү кадамынын жемиштүү натыйжасы”, - деп баалады Сүйүн Өмүрзаков.
Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов көчөсүнө түшүп жаткан көп кабатттуу үйдү куруу жагын жүргүзүлгөн тендердин негизинде “Элит Строй Сити” жоопкерчилиги чектелген коому тандалган. Эң башкысы 2008-жылдан бери иш жүргүзүп келе жаткан курулушчу топ, учурда имараттын сапатына өзгөчө көңүл бөлүнөөрүн убадалашты.
“Тендер айкындуулук менен өтүп, бизге берген ишеничти актайбыз жана өзгөчө сапатына көңүл буруп, 2017-жылдын күз айларында үйдү толук бүткөрүп тапшырабыз”, - дейт “Элит Строй Сити” ЖЧКнын жоопту жетекчиси Канатбек Оморов.
Учурда облус аймагында ички иштер органдары күнү-түнү дебей өз милдеттерин аткарып келишет. Бирок ушул убакка чейин турак-жайы жоктор арбын экендигин жашырууга негиз жок. Ал эми бул курулуш соңуна чыгып калса, милиция кызматкерлери үчүн дагы бир маселе оңуна чечилүүнүн алдында.
“Турак үйлөргө муктаж кызматкерлердин саны арбын. Учурдагы курулуп жаткан 5 кабаттуу 40 батирлүү жана экинчиси 60 батирлүү турак үйлөр бир топ Жалал-Абад милиция кызматкерлеринин муктаждыктарын орундатат”, - деп билдирет ОИИБнын басма сөз кызматы.
Көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында башталган. Ал үчүн Кыргыз Өкмөтү тарабынан 160 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Ал эми курулушту бүткөрүү мөөнөтү долбоор боюнча 2017-жылдын биринчи ноябрына белгиленген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18