Жалал-Абадда ички инвестициянын көлөмү 126 пайызга өскөн
Быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарында ички инвестицияларды тартуу көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 357,1 миллион сомго артты. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын тогуз айында шаарга 1 миллиард 374,8 миллион сомдук көлөмдөгү ички инвестициялар тартылса, быйылкы жылы анын көлөмү 1 миллиард 731,9 миллион сомго жеткен жана 126 пайызга өсүш берген.
- Бизде негизинен өнөр жай тармагына тартылган инвестициялар көлөмү 36 миллион 485,8 миң сомду, айыл чарба тармагына тартылган инвестициянын көлөмү 318 миллион 79,8 миң сомду, соода жана акылуу кызмат көрсөтүү тармагына тартылган инвестициянын көлөмү 471 миллион 911,8 миң сомду, социалдык тармакка тартылган инвестициянын көлөмү 261 миллион 668,1 миң сомду, калган тармактарга тартылган инвестициянын көлөмү 643 миллион 783,5 миң сомду түзгөн. Бул, албетте, өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу кыйла көп, - дейт Салижан Умаров.
Ошондой эле, быйылкы тогуз айда шаардагы социалдык тармакка тартылган тышкы инвестициянын көлөмү 12 миллион 536,6 сомду түзгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38