Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Ошко келди
Өзбек өкмөтүнүн атынан Ош шаарына конокко келген делегацияны жергиликтүү бийлик "Достук" чек ара бекетинен тосуп алды.
140 адамдан турган топту эртең менен вице-премьер-министрлер Мухамедкалый Абылгазиев жана Жеңиш Разаков баштаган расмийлер күтүп алышты.
Коңшулардын сапарына байланыштуу Ошто бир катар маданий иш-чаралар, айыл чарба жармаңкеси уюштурулат. Соңунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу, байланышты бекемдөө боюнча документтерге кол коюлат.
Ал арада өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен кечээ телефондо сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашканы белгилүү болду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев Бишкек менен Ташкенттин ымаласын бекемдөө жаатында өзбек бийлигинин кызыкдарлыгын баалап, ыраазычылык билдирди.
2-октябрда 130 адамдан турган кыргызстандык делегация Анжиян шаарына барып, өз ара алаканы чыңдоо, чек ара маселесин чечүү боюнча сүйлөшүп, маданий саамалыктарга катышып келген.
Өзбекстандык делегацияны тосуп алгандардын арасында белгилүү ырчылар болду
Ташкенттин өзүнүн атайын чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын “Достук” чек ара бекетинде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов башында турган расмий өкүлдөр тосуп алган. Кыргызстандык делегациянын курамында биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жетекчилери, маданий ишмерлер жана улуттук борборлордун башчылары болгон.
Өзбек тарап меймандарды Анжиянды түрө кыдыртып, ыр-бий, дасторкон толо дүйүм тамактар менен коноктогон эле. Сапардын соңунда тараптар эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салчу меморандумга кол коюшкан.
Акыркы он жылга жакын убакыттан бери эки өлкөнүн карым-катышы сууп, чек ара аймактарда чыңалган абал жаралган эле.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









