KELECHEK
rek

Жалал-Абадда Ооганчылар өз ишмердүүлүгүн дагы да жандантат

Жалал-Абадда Ооганчылар өз ишмердүүлүгүн дагы да жандантат

Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги менен Ооган согушунун ардагерлери жолугушуп, мындан ары биргеликте кылмыштуулукту алдын алуу жана бөгөт коюда жана жаштарга татыктуу тарбия көрсөтүүдө Ооганчылардын  ишинин маанилүүлүгү жана зарылдыгы тууралуу сөз жүрдү. Бул  туурасында ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук Ооган согушунун ардагерлеринин жаңы шайланган төрагасы Орозбек Шеркулов жана ардагерлер жамааты ИИО менен жаңы иш-мерчем түзүп, коомчулукта Ооган согушунун ардагерлеринин демилгелерин Жалал-Абад милициясы колдоого алаарын жана алардын тарыхтагы изин жана коомдогу орду маанилүү чоң күч экендигин белгиледи.

Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Жеңиш Жоробеков өз сөзүндө төмөндөгулөргө токтолду:

- Жаштарга таалим-тарбия берүүдө, сиздердин басып өткөн жолуңуздар - жаштарга жана жаш кызматкерлерге насаатчы боло аласыздар. Ошондой эле, аларды оор кырдаалдарда гана эстей калбай , тарыхтагы ордун коомчулукка жайылтуу зарыл. Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин артынан эле Ооган согушунун ардагерлери калды. Кандай гана демилге болсо аларды облустук милиция колдоорун билдирем, - деди.

Ал эми Ооган согушунун ардагерлери колдоо болсо, алыскы райондордон бери жумуштарды жандантып, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө жана өнүгүшүнө болгон мүмкүнчүлүктөрүн аябастыгын айтышты.

“Мен бул жаңы иш жумушумду ИИО менен кызматташуу менен баштадым. Буга чейин жакынкы райондордогу Ооганчылар менен гана чектелип калганбыз. Эми булардын жардамы менен өз кулачыбызды баардык район-шаарларга жайып, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу менен жаштарга насаатчылык жумуштарыбызды кеңейтип,  жапа тырмак иштешебиз. Ооган согушунун ардагерлери  өздөрү жашаган аймакта ички  көйгөйлөрдү жөнгө салууда аймактык тескөөчүлөргө көмөктөшүп келишет. Биз милиция менен бирге жакшы иш пландарды чечишип, алдыда чоң жасала турган жумуштарыбызды, жакшы жышаандарыбызга күбө болосуздар”- деп билдирет Жалал-Абад облустук  Ооган согушунун ардагерлеринин төрагасы Орозбек Шеркулов.

"Көк-Арт Инфо" маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53