Орусия ТИМи сайты хакердик чабуулга кабылганын тастыктады
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайты хакердик чабуулга кабылганы расмий түрдө тастыкталды. ТИМ өкүлү Мария Захарова билдиргендей, учурда министрликтин адистери бул операциянын артында кимдер турганын иликтеп жатышат.
21-октябрда CNN телеканалы The Jester ("Шут") каймана аты менен белгилүү америкалык хакер Орусия ТИМинин сайтын бузуп, АКШга карата кибер чабуулдарды токтотууга үндөгөн билдирүү калтырып кеткенин кабарлаган. “Мүмкүн, силер коңшу өлкөнүн сесин алып жаткандырсыңар, бирок бул Америка. Бул жерде мунуңар эч кимди таасирленткен жок”,- деп жазылган билдирүүдө.
CNN маалыматы боюнча хакер ТИМ сайтын америкалык Twitter, PayPal, Amazon, Spotify, Ebay, Netflix жана Vox сыяктуу ири сайттар жана сервистердин провайдерлерине жасалган чабуулдарга жооп иретинде бузган. ФБР жана АКШ Улуттук коопсуздук министрлиги иликтөө жүргүзүүдө.
Октябрдын башында Кошмо Штаттар Орусияны Американын шайлоо алдындагы жараяндарына таасир этүү үчүн хакердик чабуулдарды жасоодо деп айыптаган. Москва кинелерди четке каккан. Кийинчерээк АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы орусиялык кибер операцияларга жооп даярдап жатканы белгилүү болгон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









