KELECHEK
rek

БУУ Ооганстандагы апийим өндүрүшүнүн көбөйүшүнө кабатыр

БУУ Ооганстандагы апийим өндүрүшүнүн көбөйүшүнө кабатыр

Бириккен Улуттар Уюму Ооганстанда апийим өндүрүүнүн көлөмү эки эсеге өсүшү мүмкүн деп кооптонууда.

Ооганстанда апийим өндүрүү быйыл 10 пайызга өстү. Улуттар уюмунун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча агенттиги 23-октябрда жарыялаган жылдык отчетунда апийим эгилген жерлердин жалпы аянты 10 пайызга көбөйүп, 201 миң гектарды түзгөнүн жазат. Бул апийим өндүрүүнүн көлөмү 43 пайызга көбөйүшү мүмкүн дегенди билдирет. Мындай көрүнүш ыңгайлуу аба ырайы, экинчи жагынан өкмөттүн коопсуздукту камсыздоодогу алсыздыгы жана маңзаттарына каршы операцияларга берилген эл аралык жардамдын азайышы менен түшүндүрүлөт.

"Талибан" апийимден түшкөн акчаны көпчүлүк учурларда өкмөттүк жана НАТО аскерлерине каршы чабуулдарын каржылоо үчүн пайдаланат. Ооганстанда өстүрүлгөн апийим дүйнөдөгү героиндин негизги булагы. Апийим Ооганстанда 2001-жылдан тарта ири көлөмдө эгиле баштаган. 2013-жылы 5 миң тонна апийим өндүрүлүп, бул заттын дүйнөлүк өндүрүшүнүн 80 пайызын түзгөн.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52