Пианист жеке концертин үч жолу кайра көмүлгөн баптист аялдын элесине арнады
Пианист Азамат Сыдыков АКШда өткөн концертин сөөгү бир нече күн бою жерге берилбеген алабукалык баптист аялдын элесине арнады. Бул тууралуу пианист өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал Ала-Букада жергиликтүү элдин каршылыгы менен сөөгү жерге берилбей, казылып алынып, үч жолу көмүлгөн маркум аялдын элесине Клейтондогу жеке концертин арнай турганын жазган.
“Жеке концертимди Каныгүл Сатыбалдиеванын жаркын элесине арнайм. Менин мекендешим, Кыргызстандын жараны, мээримдүү эне, аялзатына арнайм” деп жазган пианист маркумдун жакындарына көңүл айтып, мындайга жол бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигин сынга алды.
“Өз жарандарын коргой албаган, улуту, ишеними, расасы жана саясий көз караштарына карабай, Баш мыйзам талап кылгандай, алардын укуктарын коргоп бере албаган бийликти айыптайм” деп жазды Азамат Сыдыков.
23-октябрда АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Клейтон фортепиано фестивалында кыргызстандык пианист Азамат Сыдыковдун жеке концерти болду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29