Кыргызстан жана Казакстан мыйзамсыз миграция менен чогуу күрөшөт
Кыргызстан менен Казакстан мыйзамсыз миграция менен бирге күрөшүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу келишим эки өлкөнүн өкмөттөрү арасында түзүлдү. Ага кыргыз тараптан ИИМдин орун басары Курсан Асанов, ал эми Казакстандан ички иштер министри Калмуханбет Касымов кол коюшту деп жазат inform.kz маалымат порталы.
Тараптардын бекемдөөсү боюнча келишим мыйзамсыз миграциянын агымын азайтууга өбөлгө боло алат жана Кыргызстан менен Казакстанда мыйзамсыз жүргөндөрдү кармап, мекенине кайтаруу түйшүгүн жеңилдетет.
17-октябрда Кыргызстан жана Казакстандын тышкы иштер министрлери жолугуп, эки өлкөнүн аймагында жарандардын каттоосуз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин узартуу боюнча келишимге кол коюшкан. Буга чейин жарандардын беш күнгө чейин гана каттоосуз жүрүүсүнө уруксат берилген эле.
Аталган келишимди эки өлкө парламенттери ратификациялашы керек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









