Жалал-Абадда ИИМнин демилгеси менен «Алыш» күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү
Жалал-Абад шаарында 21-22-октябрь күндөрү КР ИИМнин демилгеси менен милициянын туңгуч генерал-майору Э.Алиевдин жаркын элесине арналган «Алыш» күрөшү боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, бул мелдешке ИИМнин бардык облустардагы башкармалыгынан жана ИИМнин Борбордук аппаратынан, Э.Алиев атындагы Академиясынан, күзөт кызматынан жалпы 13 команда катышты. Мелдеш 2 күнгө созулуп атайын эл аралык даражадагы чебер калыстар тобу түзүлүп, жеңүүчүлөр 22-октябрда аныкталды.
Мелдештин баш аягына чейин катышкан КР ИИМнин Кесиптик дене тарбия жана күжүрмөн даярдык боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Төрөкул Мадамов бул иш-чаранын Жалал-Абадда өткөрүлүшүн өзгөчө маанилүүлүгү, даярдыгы жана уюштуруучулугу, жогорку деӊгээлде өткөнүн белгилеп өттү.
"Мелдештин негизги максаты - кызматкерлердин кесиптик, күжүрмөн дене-тарбиялык даярдыгын чыӊдоо, ички иштер органдарынын арасында байланыш достукту бекемдөө жана мыктыларды аныктоо болуп саналат", - деди Т.Мадамов.
Спорттук иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүмүнө Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев да катышып, келген конокторго ыраазычылык билдирип, мыкты спортчуларды акчалай сыйлык менен сыйлады. Мындан сырткары, салмак категориялары боюнча жеңүүчүлөр, калыстар жана уюштуруу тобу атайын баалуу белектер менен Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги тарабынан сыйланышты.
Жалпы командалык эсеп менен 1-орунду Жалал-Абад ОИИБ, 2-орунду Талас ОИИБ, 3-орунду Ош ОИИБ камсыздашты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20