KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын бийлиги энелерди майрамы менен куттуктады

Жалал-Абад шаарынын бийлиги энелерди майрамы менен куттуктады

Жалал-Абад шаардык мэриясы жана депутаттардын шаардык кеңеши энелерди майрамдары менен куттукташты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында өткөрүлгөн энелердин майрамдык салтанатында белгилүү болду.

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов жана депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы Эрнисбек Ормоков энелерди майрамы менен куттуктап, ардак грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты. Шаар мэри Салайдин Авазов куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

 - Урматтуу энелер! Сиздердин майрамыңыздар 2012-жылдан бери белгиленип келүүдө. Май айынын үчүнчү жумасынын жекшемби күнү энелердин майрамы катары белгиленип келет. Сиздердин бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Улуттун, коомдун өнүгүүсүнө да энелердин салымы чоң. Кыргызстанда мамлекеттик бийлик тараптан энелерге кам көрүлүп жатат. Ошону менен бирге эле Жалал-Абад шаардык мэриясы жана депутаттардын шаардык кеңеши энелердин майрамына карата жыл сайын колубуздан келген сый урматтарыбызды көрсөтүп жатабыз. Былтыркы жылы 150 энеге беш жүз сомдон акчалай сыйлык берген болсок, бүгүн 250 энеге 500 сомдон акчалай сыйлык тапшырып жатабыз. Келерки жылы да сиздердин майрамыңыздарды белгилөөгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун!, -деди С. Авазов.

Майрамдык салтанат Жалал-Абад шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери жана “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун  ырчы-бийчилери тарабынан коюлган концерттик программа менен улантылды.

"Көк-Арт Инфо" маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13