Жалал-Абадда патрулдук милициянын башчысы кызды сүзүп качып кеткен айдоочуну кармады
Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрь күнү саат 20:30 чамасында Сузак районунун Масадан айылында Ырыс айылынын 1991-жылы туулган М.Г.ны белгисиз автоунаа уруп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, натыйжада жабырлануучу кыз алган жараатынан улам Сузак аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Маалымат түшөрү менен патрулдук милициянын өкүлдөрү ыкчам аракеттерди өз убагында жүргүзүшкөн.
“Натыйжада, окуя болгон аймактын төрт тарабы курчоого алынып, Жалал-Абад облустук Патрулдук милициянын башчысы, милициянын майору Кылычбек Рысбаев өзү баш болуп кылмыш изин суутпай качып бараткан жеринен Мерседес үлгүсүндөгү автоунаа жана анын Сузак районунун Таш-Булак айылынын тургуну 1974-жылы туулган айдоочусу менен кошо кармады”, - деп билдирет басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05