АКШ мамкатчы орун басары Томас Шэннон Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанга келет
АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннон 24 -29-октябрь аралыгында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанды кыдырат. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин сайтында жарыялданды.
Жогорку кызматтагы чиновниктин Борбор Азияга болгон алгачкы сапары, бул өлкөлөрдөгү эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналат. Анын алкагында Борбор Азия аймагындагы беш өлкөнү жана АКШны камтыган «С5+1» линиясы боюнча кызматташуу маселелери талкууланат.
Шэннон алгач Астанага келет, Бишкекте болсо 26-27-октябрь күндөрү болот. Сапардын жүрүшүндө өлкөнүн расмий жетекчилери, парламент депутаттары менен жолугушмакчы. Мамлекеттик департаменттин башкы катчысынын орун басары мындан тышкары жарандык коом өкүлдөрү менен пикир алышып, 1916-жылкы окуяда курман болгондордун элесине арналган мемориалга гүл коет.
Шеннон андан ары Ташкент жана Самаркандга барып, өлкө жетекчилиги, бизнес-коомчулук, жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушат. Ал ошондой эле Ислам Каримовдун бейитин зыярат кылат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









