ЖАМУда Махмуд Кашкаринин «Диван лугати-т түрк» аттуу түрк тилдер сөз жыйнагы кыргыз тилинде жарыкка чыкты
Алгачкы жолу кыргыз тилинде Махмуд Кашкаринин «Диван лугати-т түрк» аттуу түрк тилдер сөз жыйнагынын 4 тому толугу менен которулуп жарыка чыкты. Бул тууралуу ЖАМУнун басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Махмуд Кашкаринин «Диван лугати-т түрк» аттуу түрк тилдер сөз жыйнагынын 4 тому толугу менен кыргыз тилине которулуп бет ачарына арналган республикалык конференция болуп өттү. Китеп 2006-2016-жылдарда которулган. Аталган которулган жыйнактын автору филология илимдеринин кандидаты, доцент Айтмамат Оморов.
Бул илимий эмгекти которуу - кыргыздар өз тилинде окуп, кыргыз өзүн-өзү тааныса деген максатты көздөгөнүн, XI кылымда жашаган кыргыздардын турмушун, тарыхын, каада – салтын, маданиятын камтыган , кыргыз эли үчүн баалуу мурас экендигин А.Оморов өз сөзүндө баса белгилеп кетти.
Конференцияга Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият иститутунун директору К.Токтоналиев, КР УИАнын улук кызматкери М.Толубаев, ЖАМУнун профессор- окутуучулар жамааты жана студенттери катышты.
"Көк-Арт Инфо" маалымат борбору.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30