
Таш-Көмүр шаарында мектептер арасында “Милициянын жаш досу” аттуу кароо-сынак болуп өттү

Таш-Көмүр шаарында 13 мектептин арасында “Милициянын жаш досу” аттуу окуучулар арасында кароо сынак болуп өттү. Сынакка ар бир аймактан милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору (ИДН) түздөн түз жоопту саналып, өз мектебин даярдап алып келди.
Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, конкурс 5 турдан туруп, “Мекеним менин-Кыргызстан” темасында милициянын коомдогу орду, эл арасындагы кадыр-баркы тууралуу патриоттук ырлар, сценкалар, сүрөт сынагы жана аскердик саптык жүрүштөр менен коштолду.
Шаардык билим берүү жана ички иштер бөлүмү менен биргеликте уюштурган конкурста ар тармактын өкүлдөрүнөн куралган калыстар тобунун калыс баасынын натыйжасында, №12 А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин окуучуларынан куралган команда баш байгеге ээ болду. 2- орунду Шамалды-Сай шаарчасындагы №2 гимназиясы, 3-орунду №14 Т.Шадыканов атындагы интернат-гимназиясы ээледи.
Калган командалар да атайын “Мыкты дубал гезит”, “Мыкты патриоттук ыр”, “Мыкты форма”, Мыкты сүрөт” номинацияларга ээ болуп, Таш-Көмүр ШИИБ тарабынан баалуу белектер, ардак баракча жана дипломдор менен сыйланышты.
Таш-Көмүр ШИИБнын башчысы милициянын полковниги Бектен Бекмуратовдун сөзүндө шаардан 1-орунду алган команда облустук мелдештен баш байгегэ ээ болсо, стимул катары Кыргызстандын кооз тарыхый жайларынын бирине акысыз эс алуу экскурсиясына жөнөтөөрүн жыйынтыктоо аземинде баса белгилеп кетти. Ошону менен катар бул конкурстун артында жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан арылтуу менен гана чектелбестен, аларга укуктук, маданий жана тарбиялык мааниси чоң экендигине токтолуп өттү.
"Чынында эле мектеп окуучулары мындай конкурстун арты менен аскердик жүрүм турум эрежелерин(строевой шаг), көпчүлүктүн алдында тартынбай өз пикирин айта алууга, жалпысынан тынымсыз аракеттин арты өз жемишин берээрин ишендире алды” деп билдирет жеңүүчү команданын капитаны, Таш-Көмүр шаардык А.С.Пушкин атындагы №12 орто мектебинин окуучусу Айтурган Казымырзаева.
Эске салсак, “Милициянын жаш досу” кароо-сынагы ички иштер жана билим берүү министрлиги менен биргеликте уюштурулуп келет. Былтыркы 2015-жылы республикалык кароо сынакта Жалал-Абад облусунун атынан барган команда 1-орунду камсыздаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41