KELECHEK
rek

Ишкашимде тажик-кытай антитеррордук машыгуулар башталды

Ишкашимде тажик-кытай антитеррордук машыгуулар башталды

Тажик-кытай биргелешкен антитеррордук машыгуулар 20-октябрда Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Ишкашим районунда башталды. Алар Шитарв полигонунда өтүп, төрт күнгө созулат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Машыгуулар өлкө президенти тарабынан бекитилген пландын негизинде жүргүзүлүүдө. Максаты - акыркы эки жылдан бери тынч болбой жаткан Ооганстандын Бадахшан провинциясы менен чектешкен өлкө аймагын бекемдөө. Азырынча бийлик машыгууларга катышып жаткан аскерлердин саны жана пайдаланылып жаткан курал-жарактар тууралуу маалымат бере элек.

Тажикстан менен Ооганстандын чектеш аймактары 1300 чакырымга созулат. Акыркы жылдары Ооганстандын түндүгүндөгү абал курчуп, бир канча провинция Талибандардын көзөмөлүнө өткөн. Тажикстандын өкмөтү тажик-ооган чек арасындагы абал туруктуу жана эгер коркунуч жаралса душман чабуулунун мизин кайтарууга даяр экенин дайыма белгилеп келет.

Негизинен соода өнөктөштөр деп эсептелген Тажикстан менен Кытай акыркы убактарда коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө. Ушул жылдын башында Кытай Шуроабад районунда курулган «Гулхан» чек ара бекетин пайдаланууга берген.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53