Өзбекстанда 23 жыл абакта отурган экс-депутатты чыгарбоо аракеттери болууда
Өзбекстан парламентинин жогорку палатасынын экс-депутаты, мунайды кайра иштетүү заводунун мурдагы директору Самандар Кукановдун жаза мөөнөтү ушул жылдын 6-октябрында аяктаган.
Бирок 72 жаштагы Кукановго карата жаңы жаза мөөнөтүн дайындоо максатында абактын ички эрежелерин бузуу айыбы менен тергөө аракеттери башталганы кабарланууда. Самандар Куканов эгемен Өзбекстандын тарыхындагы эң узак убакыт абакта жаткан саясий туткун деп айтылып келет.
Анын уулу Сардор Кукановдун айтымында, атасы абактан 6-октябрда чыгышы керек болчу. Бирок атасын чыгарып кетүү үчүн түрмөгө барганда Кукановго түрмөнүн ички эрежелерин бузуу айыбы тагылып, иши тергелип жатканын билдиришкен.
Уулунун айтымында, атасынын иши боюнча соттун болгон-болбогонун билиши үчүн ага түрмөдөгү ишеним номурун берип жөнөтүшкөн. Бирок Кунакуновдун туугандарынын телефон аркылуу маалымат алуу аракетинен эч майнап чыга элек.
Кукановду жакындан тааныгандар саясий чөйрөдө 80-жылдары эле белгилүү болгон депутат оппозициянын катарына кошулуп кеткендиги үчүн президент Ислам Каримовдун жеке буйругу менен камакка алынганын айтып келишет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









