Венгр антропологдору Кейки баатырдын келбетин калыбына келтирет
1916-жылы казактардын падышалык Орусияга каршы көтөрүлүшүн жетектегендердин бири Нурмагамбет Кокембай уулунун келбетин толугу менен калыбына келтирүүгө болот. Эл арасында Кейки баатыр деп аталып калган анын баш сөөгү ушул айдын башында Орусиядан Астанага алынып келинген.
Венгр антропологу Андраш Бироунун билдиришинче, кайра келбеттөө Кейки баатырдын сырткы келбетин 99 пайыз дааналыкта калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.
"Калыбына келтирүү иштери менен окумуштуу-реконструктор Агнеш Куштар алектенет. Биз томографтын жардамы менен анын келбетинин үч өлчөмдүү үлгүсүн кураштырууга аракет кылабыз. Алынган үлгү баатырдын тирүү кезиндеги келбетине окшош болот. Ошондой эле ДНК-анализ жүргүзүлөт, анткени анын артында тукуму калган болушу мүмкүн," — деди Биро.
Будапешттеги Табигый илимдер музейинде Кейки баатырдын келбетин калыбына келтирүү үчүн сунушталып жаткан методика көрсөтүлөт. Андраш Биро венгр окумуштууларынын ишинин жыйынтыгы декабрда жарыяланышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Улуулардын эрдигин унутпайлы!
Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...
ТАРЫХ 2016-05-09 00:45
Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...
Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...
ТАРЫХ 2016-05-13 11:43
Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси
Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-жыл – Тарых жана...
ТАРЫХ 2016-06-23 17:49
Индияда Манастын айкели орнотулат
Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...
ТАРЫХ 2016-06-30 10:55
Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө
Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...
ТАРЫХ 2016-07-11 18:07
Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...
Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...
ТАРЫХ 2016-07-15 13:50
Жалал-Абад курорту
Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...
ТАРЫХ 2016-08-06 00:13