Жалал-Абадда мектептер арасында “Милициянын жаш досу” аттуу кароо-сынак болуп өттү
“Мекеним менин –Кыргызстан” долбоорунун алкагында Жалал-Абад шаарынын мектептер арасында “Милициянын жаш досу” аттуу кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Салтанат Алтынбекова билдирди.
Анын айтымында, бул сынакты уюштуруунун эң негизги максаты – жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан арылтуу, мекенди сүйүүгө, ага ак кызмат кылууга, мекенчилдик сезимин күчөөтүгө, ошондой эле спорт менен да машыгып, милициянын жаш досу болууга үндөө болуп эсептелет.
- Учурда сынакка шаар ичиндеги 19 мектеп катышып жатат. Бул жерден жеңген окуучулар облустук, анан республикалык деңгээлге чейин жолдомо алышат. Айта кетсек, былтыркы жылга салыштырмалуу жаш-өспүрүмдөр арасында 9 айдын жыйынтыгы менен кылмыштуулук азайды, бул да болсо жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы окуучулар менен тыгыз байланышта болгондугун айгинелейт, - дейт С. Алтынбекова.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы Жалал-Абад облусунун бардык район – шаарларында орто мектептердин окуучуларынын арасында "Милициянын жаш досу" деп аталган кароо- сынактар өтүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30
Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө
Каракалпакстандын Нукус районунда нак акчанын жоктугунан улам мугалимдерге маянанын ордуна жөжө...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 10:32