KELECHEK
rek

Тажикстанда 82 жаштагы эне уулунан алимент өндүрүп алды

Тажикстанда 82 жаштагы эне уулунан алимент өндүрүп алды

Тажикстандын Хатлон облусундагы 82 жаштагы байбиче сот аркылуу тун баласынан алимент талап кылды. Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, баласын ай сайын 70 сомони (9 долларга жакын) төлөп берип турууга милдеттендирди. Тажикстанда административдик мыйзамдар боюнча эмгекке жарамдуу балдар пенсиядагы ата-энелерин багуусу керек.

Сангин Мирзоева беш жылдан бери араң басат, улуу баласынан чоң үмүт артып келгени менен ал материалдык жактан жардам бербейт. Мындан улам чоң эне кайрымсыз уулунан айына 300 сомони алимент алып туруу үчүн райондук сотко арызданган.

«Мен майыпмын, ал болсо мени карабайт. Араң дегенде сотко бардым, алар болсо болгону 70 сомони өлчөмүндө алимент чектешти, бул өтө эле аз, көбүрөөк өндүрүп беришсе болмок. Себеби уулум менен неберелерим иштейт. Багып чоңойткондон кийин кылган жакшылыктары ушул», - деп үшкүрдү байбиче.

Сангин Мирзоева жаш кезинде эле жесир калган. Алты баланы тарбиялап чоңойткон, алардын экөө жарандык согуш учурунда курман болушкан. Учурда чоң эне кенже уулу менен жашайт, эки кызы ажырашып келишкен, алар дагы апасы менен чогуу турушат.

Кубодиён районунда мындай көрүнүш экинчи сапар кайталанып жатат. Сотко кайрылган карыган ата-энелердин өтүнүчтөрү адатта канааттандырылат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53