Кыргыз-өзбек чек ара маселесин өкмөттүк деңгээлде чечүү сунушталды
Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кыргыз-өзбек чек ара маселесин өкмөттүк деңгээлге көтөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жумушчу топ деңгээлинде калтыруу туура эмес, анткени алардын белгилүү бир маселелерди чечүүгө ыйгарым укуктары жок.
«Өкмөттүк деңгээлде жолугушуу болушу шарт. Жумушчу топ мурдагы сүйлөшүүлөрдө такталган жерлер жөнүндө эле сүйлөп жатышпайбы. Демаркация жана делимитация боюнча өкмөт башчылардын орун басарлары эки өлкөдө тең бар. Жолугушууларга ошолор катышуусу керек», - деп эсептейт Маматалиев.
Эки өлкө ортосундагы бир топ жыл муздап турган мамиле соңку кездери жанданган. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара боюнча жумушчу топтору быйыл сентябрь айынан бери үчүнчү ирет жолугушту.
Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым. Аны 320 чакырымы тактала элек. Мындан улам ар кандай чыр-чатактар болуп турат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









