KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын мэри шаардык кеңештин айрым депутаттарынын аракеттерине нааразы болду

Жалал-Абад шаарынын мэри шаардык кеңештин айрым депутаттарынын аракеттерине нааразы болду

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов шаардык кызматтардын жетекчилери менен болгон жыйында шаардык кеңештин айрым депутаттарынын аракеттерине нааразы болуп, алар шаардын жана шаардыктардын кызыкчылыгын ойлобой эле жалаң гана интригалар менен алектенип жатышканын катуу сынга алды.

Ошондуктан да шаардыктар депутаттык ысымга татыктуу, шаардын өнүгүшүнө кызыкдар талапкерлерди шайлашы керек деп билдирди калаа башчысы.

Анын айтканына караганда, акыркы кездерде шаарда жергиликтүү бюджеттин эсебинен капиталдык салымдар өсүп, шаар инфраструктурасын жакшыртуу иштери күчөөдө, шаар тынымсыз өсүп барат. Бирок, аткарылган курулуш иштеринин баары эле сапат жагынан ойдогудай болбой калууда. Ошондуктан шаарда курулуш тармагы менен иш алып баруучу жана аткарылган иштин сапатына байкоо салуучу атайын мекеменин иш алып барышы зарыл болуп калды.

- Биз кечээ шаардык кеңештин сессиясында ушул маселени депутаттардын кароосуна койдук жана алардын макулдугун алууга аракет кылдык. Буга шаар бюджетинен бир тыйын да кетпейт, себеби жаңы мекеме туракжай-коммуналдык чарба департаментинин базасында анын айрым функцияларын өзгөртүү менен түзүлмөкчү. Бирок, айрым депутаттар интрига жасашып, натыйжада биздин сунушубуз өтпөй калды. Бул депутаттардын жеке жана партиялык кызыкчылыктарды көздөө менен бизге жасаган биринчи эле тоскоолдугу эмес, - деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ шаар мэри жергиликтүү телеканалдардын журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып, жалпы шаардыктарды алдыдагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда шаардын өнүгүшүнө кызыкдар болгон татыктуу талапкерлерге гана добуш берүүгө чакырды. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18