KELECHEK
rek

Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгы жогорку класстарга укуктук темада сабактарды өткөрүшөт

Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгы жогорку класстарга укуктук темада сабактарды өткөрүшөт

Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгы тарабынан 9 айда нотариат иштери боюнча 63 миң 800 иш аракеттер катталып, 6 миллион сомдун тегерегинде мамлекеттик жыйымдар өндүрүлгөн. Бул тууралуу аталган башкармалыктын нотариат боюнча башкы адиси Акбар Эрматов маалымат жыйында билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, облустук юстиция башкармалыгы негизинен үч багыт боюнча иш алып барат. Алар:  нотариаттык адвокатура, эл арасында укукту жайылтуу жана юридикалык жактарды каттоо боюнча иштешет. Нотариат иштери боюнча жыйналган жыйымдардын дээрлик 90 пайызы жергиликтүү бюджеттерге чегерилсе, 10 пайызы юстиция министрлигинин атайын эсептик счётторуна чегерилет.

- Ошону менен бирге акы төлөө кызматтарынан 650 миң сомдук каражат, өзүбүздүн иш-аракеттеги колдончу бланкалардан 3 миң сомдук акча каражат түштү. Мындан сырткары, “КР мамлекеттик кепилдеген юридикалык жардам боюнча” мыйзамын жүзөгө ашырууда быйылкы 2016-жылга 43 адвокат менен келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө 227 арыз катталып, адвокаттарга 300 миң сомдун тегерегинде акча каражаты төлөнүп берилди. Жогорудагы мыйзамдын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жылдык кирешеси белгиленген минималдуу деңгээлден ашпаган жарандарга кылмыш ишине кириптер болгондо, адвокаттар мамлекеттин эсебинен бекер юридикалык жардамдарды беришет. Тактап айтсам, кармалгандан баштап соттун иши бүткөнгө чейин ошол жаранга юридикалык жардам беришип, адвокаттык иштерди аткарышат. Бул мыйзам негизинен бизде 2012-жылдын январынан баштап расмий түрдө иштеп келе жатат. Биринчи жылы 2 адвокат менен келишим түзүлүп, 28 арыз катталган. Кийики 2013-жылы 20 адвокат менен келишим түзүлүп, 175 арыз катталып, 175 миң сомдук акча каражаты төлөнгөн. Жылдан-жылга өсүп жатат. Былтыр 2015-жылы 305 арыз катталса, быйылкы жылдын 9 айында 227 арыз катталып жатат, - дейт А.Эрматов.

Ал эми Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси Алмаз Аманбаевдин берген маалыматына караганда, башкармалыктын укукту жайылтуу боюнча ишмердүүлүгү боюнча үстүбуздөгү жылдын 9 айында бир топ иштер аткарылган.

- 2016-жылдын 9 ай ичинде бир топ иштер аткарылды. Мисалга айтып кетсем, башкармалыктын атайын иштелип чыккан иш-графигинин негизинде Сузак районунун Атабеков, Багыш айыл өкмөттөрүнүн, Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери, Ноокен районунун Масы, Сакалды, Момбеков айылдык өкмөттөрдүн, айылдык кеңештердин жооптуу кызматкерлери менен жолугушуп, күнүмдүк иштеринде кандай көйгөлүү маселелер болссо, аларга бекер юридикалык кеңештер берилип жатат. Андан сырткары, юстиция башкармалыгына тиешелүү эмес маселелер да келип түштү. Жер, ЗАГС, паспорт алуу маселелери боюнча сунуштарды кат жүзүндө жазып алып, тиешелүү жоопторду кайрылган айыл өкмөттөргө берип турабыз. Андан сырткары, бизге интернет, телефон, ватсап аркылуу ар кандай юридикалык кеңештер үзгүлтүксүз берилип турат. Быйылкы жылдын эсебинен облус боюнча 9 айда 2 миңге жакын юридикалык кеңештер берилди. Бир гана облустук юстиция башкармалыгы юридикалык кеңештерди бербестен, облустун аймагындагы мамлекеттик нотариустар да юридикалык кызматтарды көрсөтүп жатышат.

Дагы бир багыт бар, бул Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгы башка облустук юстиция башкармалыктар менен биргеликте айылдык  кеңштердин кабыл алган токтомдору боюнча кызмат алып барышат. Аларга методикалык жардам көрсөтүшөт дайыма. Ошондой эле, айылдык кеңештердин кабыл алган токтомдору юридикалык күчкө кириши үчүн, милдеттүү түрдө гезиттерге жарыяланышы керек. Гезитке жарыялоо кымбат болгондуктан, Өкмөт тарабынан жардам катары атайын токтом кабыл алган. Айыл өкмөттүн атайын расмий сайты болсо, айылдык кеңештердин кабыл алган токтомдору ошол сайтка жарыяласа болот. Бүгүнкү күндө айыл өмөттөрдүн 70 пайызынын атайын сайттары ачылган. Бирок, бир гана көйгөй болуп жаткан нерсе, ошол ачылган айыл өкмөттөрдүн атайын расмий сайтын кызматкерлердин алдыга карай иштетип кетүүсү кыйын болуп жатат. Бул багыт боюнча мындан ары да иш алып барабыз, - дейт А.Аманбаев.

Башкармалыктын башкы адиси А.Аманбаевдин айтымына караганда, быйылкы жылы КР Өкvөтүнүн “2016-2020-жылдарга чейин Кыргыз Республикасында калктын укуктук маданиятын жогорулатуу жөнүндөгү” токтомунун негизинде КР Юстиция министрлигинин атайын Концепциясы иштелип чыккан. Концепцияны ишке ашыруу максатында, Ноокен районунун 4 мектеби менен меморандум түзүлгөн. Башкармалыктын адистери барып, жумасына бир жолу жогорку класстарга укуктук темада сабактарды, конкурстарды өткөрүп турушат. Быйылкы жылы Жалал-Абад шаарындагы ЖОЖдун студенттеринин арасында конкурсту өтөрүшүп, жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар берилген. Быйылкы 2016-2017-окуу жылынан баштап, мектептердин жогорку класстарына укуктук темада сабактар бериле баштайт.

Мындан сырткары, жакында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин демилгеси менен “КР укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында “Укугуңду бил” деген акысыз юридикалык жардам берүү акциясы Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун “Азык Ордо” соода борборунда өткөрүлдү.

“Укугуңду бил” акциясынын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын алдыңкы юристтери, нотариустар, мамлекеттик каттоо кызматынын адистери бардык каалоочуларга акысыз укуктук жардам беришти.  Мындай акция республкабызда экинчи жолу өтүп жатат. Биринчи жолу консультациялар үстүбүздөгү жылдын 22-23-июнунда юристтер күнүнө карата уюштурулган.

Элдин укуктук маалымдуулугун жогорулатуу багытында өтүп жаткан бул акциялар “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында жана Даниянын адам укуктары институтунун колдоосу менен ишке ашууда.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24