KELECHEK
rek

Тажикстанда VII эл аралык «Дидор» кинофестивалы өтүүдө

Тажикстанда VII эл аралык «Дидор» кинофестивалы өтүүдө

Быйыл «Дидор» кинофестивалына Азербайжан, Армения, Ооганстан, Грузия, Индия, Иран, Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Орусия, АКШ, Швейцария жана Германиядан 40 катышуучу чакырылган.

«Быйылкы «Дидор» кинофестивалы белгилүү тажик кинорежиссеру, киносценаристи жана кинопродюсери Бахтиёр Худойназаровдун элесине арналган, ошондуктан биз анын тасмаларынын ретроспективасына анын белгилүү төрт эмгегин кошууну туура көрдүк», - деди Тажикстандын Кинематографисттер биримдигинин төрагасы Сафар Хакдодов.

Анын айтымында, фестивалда 80 толук метраждуу жана кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт. Алардын арасында «Эл аралык панорама: Батыш жана Чыгыш маданияттарынын диалогу», «Фарс тилдүү өлкөлөрдүн киносу: Ооганстандын, Ирандын жана Тажикстандын жаңы тасмалары» өңдүү тематикалык көрсөтүүлөр да болот. Бул программада өзгөчө көңүл аталган өлкөлөрдүн жаш кинематографисттеринин эмгектерине бурулат.

Эл аралык «Дидор» кинофестивалы 2004-жылдан бери эки жылда бир өткөрүлүп келет. Быйылкы кинофестиваль тажик жана өзбек кинематографиясынын түптөөчүсү Камиль Ярматовдун 110 жылдыгына арналган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29