KELECHEK
rek

Жалал-Абадда кийинки жылы жаңы департамент ишин баштайт

Жалал-Абадда кийинки жылы жаңы департамент ишин баштайт

Жалал-Абад шаарында кийинки жылы жаңыдан түзүлгөн муниципалдык департамент ишин баштамакчы. Бул тууралуу шаардык кеңештин болуп өткөн 38-кезексиз сессиясында белгилүү болду.

Сессияга катышкан Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов азыр шаарда иштеп жаткан коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин ордуна ошол эле ишкананын базасында анын айрым функцияларын өзгөртүү жолу менен капиталдык курулуш департаментин түзүү зарылдыгы туулганын билдирди.

С.Авазовдун айтымында, мурун шаарда капиталдык курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен араң гана 7-8 пайыз каражат бөлүнүп келген болсо, кийинки жылдары курулуштун жана ага бөлүнүүчү каражаттардын көлөмү бир нече эсе артты. Натыйжада, курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу үчүн атайын көзөмөлдөөчү жана уюштуруучу кесипкөй мекеменин иши зарыл болуп калды. Азыркы кезде курулуш иштерин уюштуруучу мындай муниципалдык ишкана жок.

- Кийинки жылы биздин шаарда капиталдык курулуш иштери дагы да күчөйт, ал курулуштарды кесипкөйлүк менен уюштуруучу жана ага көзөмөлдүк жүргүзүүчү мекеме керек, ансыз жасалган иштин сапаты жакшы болбой, ар тараптуу талаптарга жооп бербей калышы ыктымал. Биз мындай ишкананы жергиликтүү бюджеттен артыкбаш каражат жумшабай туруп эле түзүп алабыз, - деди ал.

Шаардык депутаттар кыска убакыттын ичинде мындай муниципалдык ишканага байланышкан документтерге даярдап, алардын кароосуна коюуну шаар мэриясына тапшырышты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында быйылкы жылы инфраструктуралык жакшыртуу иштерине жергиликтүү бюджеттен 100 миллион сомдон ашуун каражат каралган. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 3-4 эсе көп. Ал эми кийинки жылы жалпы капиталдык иштердин көлөмү дагы да артмакчы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38