KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында “Укугуңду бил” деген акысыз юридикалык жардам берүү акциясы өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарында “Укугуңду бил” деген акысыз юридикалык жардам берүү акциясы өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун “Азык Ордо” соода борборунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин демилгеси менен “КР укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору менен биргеликте ишке берилген “Укугуңду бил” акысыз юридикалык жардам берүү акциясы өткөрүлдү.

“Укугуңду бил” акциясынын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын алдыңкы юристтери, нотариустар, мамлекеттик каттоо кызматынын адистери бардык каалоочуларга акысыз укуктук жардам беришти.  Мындай акция республкабызда экинчи жолу өтүп жатат. Биринчи жолу консультациялар үстүбүздөгү жылдын 22-23-июнунда юристтер күнүнө карата уюштурулган.

"Элдин укуктук маалымдуулугун жогорулатуу багытында өтүп жаткан бул акциялар “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында жана Даниянын адам укуктары институтунун колдоосу менен ишке ашууда", - дейт Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси Алмаз Аманбаев.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53