KELECHEK
rek

Кургак учук менен ооругандарга инфекциялык көзөмөл күчөтүлүп жатат

Кургак учук менен ооругандарга  инфекциялык көзөмөл күчөтүлүп жатат

Кыргызстандагы 26 кургак учукка каршы мекемелеринде 2605 койка бар. Алардын каржылоосун карасак, жалпы саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын 6 пайызы кургак учукка каршы ооруканаларына кетет. Бул тууралуу Эл аралык USAID уюмунун «Кургак учукту жеңебиз» долбоорунун саясат жана кызмат көрсөтүү боюнча адиси Рахат Чолурова билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, жакында саламаттык сактоо министрлиги анализ жүргүзгөн. Ошол анализде эмнелер табылды? Бул ооруканаларда  кургак учук менен оорубаган адамдар, балдар көп жатышат. Койканы кармап калыш үчүн кургак учук менен оорубаган бейтаптарды деле кургак учуккка каршы ооруканасына жаткырып жатышат. Өткөн 2015-жылы 26 кургак учук мекемелеринде 13 491 бейтап жатып дарыланган болсо, анын ичинен 1952 бейтаптын, же 14 пайызынын кургак учук диагнозу болгон эмес, 5276сы же 46 пайыз бейтап жеңил формасы менен ооруп, биринчи звенодогу деңгээлде жашаган жеринде эле амбулатордук дарылоодон өтсө болмок.

- Кургак учук бул - жугуштуу оору деп жатабыз. Анан өзүбүз таза адамдарды кургак учук ооруканасына жаткырабыз. Алгачкы туруктуу форманы бейтаптар биринчи ошол кургак учук ооруканасынан жуктурушат. Статистиканы карай турган болсок, 25 пайыз жаңыдан биринчи кургак учук менен ооруп калган болсо, ар бир төртүнчү бейтап бул туруктуу формасы менен ооруган адам. Кыргызстан боюнча жыл сайын 1 миңдин тегерегинде туруктуу формасы менен бейтаптар табылат. Биринчи туруктуу формасын жугузган, же болбосо туура эмес дарыланып жатып өзү туруктуу формасына өтүп кеткендер бар. Мунун эки формасы бар. Биринчи жолу оорулуу адамдан жуктургандар болот. Бул ооруканадан кургак учукту жуктурушат. Балдар жуктура албайт, кайра алар чоңдордон жуктуруп алышат. Балдар чоңдор менен чогуу жайгашып калып жатат. Бизде инфекциялык көзөмөл жок. Биздин талап боюнча балдар менен чоңдор, ачык жана жабык формада ооругандар бөлөк-бөлөк болуш керек. Андайлар азыркы учурда биздин шартта көп каралбайт. Бөлүп койгондо да, акыр аягында алар бир ашканда тамактанышат, ажаатканасы, жүргөн жери бир болуп, баары бири-бири менен аралашып жүрүшөт экен. Анан биз кургак учуктун туруктуу формасынын көбөйүшүнө алып келип жатабыз. Туруктуу форма – кургак учуктун жөнөкөй формасына караганда, көбүрөөк 2 жылга чейин дарыланат жана анын дарылоосу аябай кымбат турат. Кургак учуктун жөнөкөй түрүн дарылоо 100 доллардын тегерегинде болсо, туруктуу формасы 3-4 миң долларга чейин барат. Чыгымы 10-20 эсе көп болот. Эгерде кургак учуктун жөнөкөй түрү менен ооругандар 85-90 пайыз сакайып кетиши ыктымал болсо, ал эми туруктуу түрү менен 50 пайыз гана дарыланып чыгышы мүмкүн. Алар сакайбашы, же дарылануу натыйжа бербейт. Оорулар сакайбаса, анда эпидемия сакталат, кургак учук көбөйө берет. Бизде биринчи иреттеги максат – туруктуу формасын азайтуу. Акыркы жылдары  кургак учуктун жалпы саны азайып, 167ден 98ге чейин түштү. Бирок, ошолордун арасында туруктуу формасы көбөйүп бара жатпайбы. Туруктуу формасы көбөйсө, дарылардын эффекти азыраак болуп жатат. Дарылай албай калсак, алар андан ары жайылып, 167ге көтөрүлүп кетебиз. Ошондуктан, биз айтып жатабыз, алгачкы жолу кургак учук менен ооругандарда туруктуу эмес формасы табылса, бейтапты дарылоону амбулатордук түрдө  баштасак, анда ал 6 айдан кийин эле айыгып кетет. Эгерде биз ал адамды ооруканага жаткырып, туруктуу форманы жуктуруп алсак, анда бир убактан кийин ушул туруктуу форма кайтадан рецидив болуп чыгып, кайра ал адам ооруп калышы мүмкүн. Ошол себептен биз реформа кылалы деп жатабыз. Кургак учук менен ооруган адамдарды ооруканда жактырууга эч кандай муктаждык жок болсо, анда үйүндө эле дарыланса болот. Анткени, 1-2 күн ичинде дарыланууну баштаганда эле ал бейтапта кургак учуктун инфекциялык коркунучу бир топ азайып калат. Дарыланган адамдан коркпош керек. Андан көрө диагнозу жок, билбеген адамдан коркуу зарыл, - дейт Р.Чолурова.

Көбунчө биз кургак учук менен ооруп дарыланып жаткан адамдан корко беребиз. Тилекке каршы, ал дарыланып жатат, коркунучу жок, сакайып кетет. Бирок, биз билбейбиз, арабызда ким ооруп жургөнүн? Өзүбүздү коруп, биз арабызда кургак учук менен ооруган адам менен аралашып, аны менен баарлашып, чогуу жашап жүрүшүбүз мүмкүн. Мына ушундай адамдардан коркуу керек экен.

- Азыркы учурда 2010-жылдан баштап КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кургак учукка каршы реформасы жүрүп жатат. Кургак учук менен ооруган адамды табылган жеринде эле амбулатордук түрдө дарылап, ал өзүнүн үй-бүлөсүндө, ишинде жүрүп эле дарыланып кетсе болот. Адамга кандай ылайыктуу болсо, ошого жараша дарыласа болот. Эми кургак учукка каршы күрөшүү борборлорунда ар бир адамга тамак-ашына 110 сомдон бөлүнүп жатат. Бул акчага кантип жетиштүү тамактандырууга болот?.. Сөзсүз түрдө бул жерде кошумча тамак керек болот. Ошол себептен, ал бейтаптын жакындары ага тынбай күн алыс тамак-аш ташып турушат. Жөнөкөй формадагы кургак учук менен ооругандарды башка райондорго ооруканага жаткыруунун зарылдыгы барбы? Ал бейтапты үйүндө эле амбулатордук түрдө дарылоого болот да. Жакында Кара-Сууга барып келдик, ал жерде алар: “бизге башка райондордон келип жатышпайт” деп айтып жатышат. Эгерде базар жакын болсо, тамак жасап жегенге болот экен. Ошол себептен, ооруканага жакын жайгашкан бейтаптар гана жатып дарыланышат.

Оптимизация реформасына ылайык, 2018-жылдан баштап кургак учукка каршы ооруканаларын кыскартуу башталат. Дары-дармек алууга, лабороториялык диагностика жүргүзгөнгө өлкөбүздүн ички ресурстарынан каражат табуу керек дешкен. Жыл сайын мамлекет 625 млн. сомду кургак учукка каршы ооруканаларын каржылоого жумшайт. Бул сумманын 90 пайызы имараттарды каржылоого, коммуналдык чыгымдарга кетсе, ал эми 10 пайызы гана бейтаптарды дарылоого жумшалат экен. Биз бейтаптарды дарылоого көбүрөөк каражатты жумшообуз керек да. Ошол себептен, кургак учук көбөйүп жатканда, ооруканалардагы койкаларды кыскартып жатышат деп, ал жерде иштеген медициналык кызматкерлер арасында түшүнбөстүктөр көп болууда, - деди Р.Чолурова.

Жол картасына ылайык, ооруканаларды жабуу менен жыл сайын 1 млн. долларды үнөмдөп, ал акчаларды дарыларга, жаңы заманбап ооруканаларды курууга, лабораторияларга жаңы жабдууларды сатып алууга жумшасак болот экен. Эгерде алгач диагнозду туура коюп, амбулатордук түрдө дарыласак бейтаптар деле сакайып кетет. Кыргызстандагы кургак учукка каршы ооруканалардын дээрлик баарысы өткөн кылымдын 80-жылдары курулуп, азыркы мезгил талабына жооп бербейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, № 31 мекеменин алдында кургак учукка каршы күрөшүү боюнча оорукана ачылып, №3 жана №27 мекемелердеги ооруларды дарылоо токтотулду. Кургак учукка каршы күрөшүү оруканаларынын кошулгандыгына байланыштуу Эл аралык Кызыл Чырым Комитети МЖАКтын №31 мекемесинде ишин улантып жатат. Ал жерде: лаборатория оңдоп-түзөтүлдү, МДТ КУ оорулары кургак учукка каршы дарыланып жаткан дарыланууну токтотуп коюшкан оорулардын бөлүмүнө жаңы корпуска жайгаштырылды.

"Кыргызстанда ХОУП/ГФнун долбоору боюнча азык-түлүк пакеттери түрүндө оорулулар ДОТС боюнча дарылануунун колдобогон фазасында ай сайын мотивациялык колдоолорду алып турушкан. ГФдун чегинде ДОТС+ боюнча дарыланган оорулуларга ай сайын банктардагы эсекптерине 18$ которулуп турат. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын  (МЖАК) медициналык кызматына улуттук кургак учукка каршы программасын киргизүүдө алгылыктуу жылыштар болуп жатат", - деп билдирет ССМнин басма сөз кызматы..

Ал эми Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Бурулкан Кадырованын берген маалыматына караганда, аталган борбордо учурда 370 керебет орун болсо, 267 адам жатат. Шакафтар айылында 60 керебет, Токтогул районунда 40 керебет жана Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында 35 керебет орунга эсептелген кургак учукту дарылоочу ооруканалар иштеп жатат.

- Быйылыкы жылы жазында Эл аралык USAID уюмунун «Кургак учукту жеңебиз» долбоорунун алкагында 8 адам Грузияга барып келдик. Аталган долбоор боюнча Жалал-Абад шаары менен Сузак районун пилотный кылып алышты. Ошол себептен, Грузияга барып, «Кургак учукту жеңебиз» долбоорунун жабылышына катыштык. Бул долбоор Грузияда 5 жыл иштептир. Ал жакта кургак учук менен ооругандар бизге салыштырмалуу аз экен. Элинин жашоосу да жакшы десек болот. Инфекциялык көзөмөл боюнча имараттардын түзүлүшү да өтө жакшы болуп, 3-4 кабат кылып салышкан. Мисалы үчүн, бир лифтен кургак учуктун БК- жабык түрүндөгүлөр, бир лифтен БК+ ачык формасындага бейтаптар, бир лиф менен дарыгерлер, медициналык, санитардык кызматкерлер кетет. Медициналык кызматкерлер дарыны берген учурда коңгуроону басып коойсо, бейтаптар дарыларын форточкадан алышат экен. Ар бир кабаттын өзүнүн эшиги бар болгондуктан, бири-бири менен байланыш жок. Аларда инфекциялык көзөмөл күч экен. Бизде болсо, имаратыбыз 1948-жылы курулган үчүн бөлөк-бөлөк болуп турат. Ошентсе да, инфекциялык көзөмөлдү азайтуу боюнча бөлүмдөрдө реконструкция иштери жүрүп жатат.

Оштогу референс лабораториясына өздөрүнүн каражаттары менен райондордон какырыкты бизге алып келип беришет. Биз аны Ошко жеткиребиз. Транспорт каражаттарына акча каралган эмес. Ал эми Грузияда муну почта кызматына жүктөп коюшуптур. Какырыкты тапшыра турган бейтаптар эки күндүн биринде айтылган жерге эртең менен саат 8де келип турса, аны почта кызматы топтоп, тиешелүү жерге алып барып тапшырышат экен. Мындан сырткары, «Чек арасыз дарыгерлер» тобу да абдан көп жардам беришиптир. Дарыдан, тамак-аштан жардам берип турушат дешти. Мага ушул иштери жакты. Бизде реформа боло турган болсо, Токтогул районундагы оорукана кыскарат. Себеби, баары Бишкекке барып, дарыланып жаткандыктан, ал жерге жатып дарылангандар жок болуп жатат.. Бирок, ооруканасы жакшы курулган. Бул кыскаруулар 2018-жылдан баштала тургандыгын министр айтты, - дейт Б.Кадырова.

«Жергиликтүү депутаттар каражат жактан жардам бербей жатышат», - дейт башкы дарыгер А.Ормонбеков

Жалал-Абад шаардык кургак учукка каршы диспансеринин башкы дарыгери Акылбек Ормонбековдун берген маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын «КРда калкты кургак учуктан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан дарылануу жайларына жылына бир жолу акысыз барыш-келиш каражатын  толук көлөмдө бөлүп берүү болбой жатат.

Быйылкы жылы Жалал-Абад шаары боюнча 6 гана адамга жол кире акысы жарым-жартылай төлөнүп берилген. Нормада шаар боюнча жылына 50дөн ашык адамды курорт-санаторияларга барып келүүсүнө  мыйзам чегинде жол кирелери төлөнүп берилиши керек болчу. Жалал-Абад шаары боюнча үстүбүздөгү жылдын 8 айында кургак учук менен ооругандардын жалпы саны 76 болсо, 63 адамдан жаңыдан биринчи жолу кургак оорусу табылса, өткөн жылы ушул мезгилге 39 адамдан жаңы табылган.

- Азыркы мезгилде КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бизге өзгөчө дарылоо мекемелерине инфекциялык көзөмөл киргизилген. Ушул кургак учук менен ооругандарды башка таза адамдарга жугуп калбашы үчүн  бөлүп кароо боюнча имараттарды башка реконструкциялоо жасагыла деген жагы бар. Ушул имаратты реконструкциялоо боюнча сметасын түзүп, 60 миң сомду мэриядан 2 жолу кат менен кайрылып сураган элек, бирок бизге каражат берүүдөн баш тартышты. Жугуштуу оору менен ооругандар башка-башка эшик менен кирип, таза адамдарга жугуп калбашы керек. Биздин өтүнүч аткарылбады. Жергиликтүү бийлик "силер Саламаттык сактоо министрлигине карайсыңар, ошол жактан каражат алгыла" деп жооп беришти. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ремонт иштерине акча каражаты бөлүнбөйт. Биз отурган ишкананын чатырынан да суу өтөт. Жаныбызда отурган «Боорукердик» борборунун имаратынын чатыры жаңыланган, ремонту да заманбап болуп бүткөрүлгөн. Биздики болсо, эскилиги жетип, эч ким буга көңүл бурбай жатат»,  - дейт А.Ормонов.

Мындан сырткары, башкы дарыгер кургак учуктун жаңы табылган формасы менен ооруган бейтаптарды амбулатордук дарылоого алууга облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору уруксат бербей жаткандыгына нааразы болду. А.Ормоновдун айтымында, жаңыдан ооруп жаткан бейтаптар үйүндө эле жашап, амбулатордук түрдө дарыланса болот. Эгерде жугуштуу болсо да, үйүндө жаш бала болбосо, шарты болсо амбулатордук түрдө эле дарылана алышат.

«Себеби, ооруканаларда кургак учуктун туруктуу формасы менен ооругандар көбөйүп кетти. Облустук борбордогу бош калган койкаларды толтуруу үчүн эле жеңил формадагы кургак учук менен ооругандарды мажбурлап ооруканага  жаткырып жатышат. Бир жетим баланы араңдан зорго амбулатордук дарыланууга алып калдык. Ал бала өзү түшүндүрүп, дарыланып жатканын айткандан кийин гана ага амбулатордук дарыланууга уруксат берилди. Дарыгерлердин конференциясы менен эле бардыгын ооруканага жаткырып коюп жатышат. Эки жумада ооруган адам дары ичкенден кийин жугуштуу болбой калат. Ошол себептен, биз бейтаптарды амбулатордук түрдө дарылай албай жатабыз», - деди А.Ормонов.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24