KELECHEK
rek

Асад: Сирия Батыш менен Орусиянын аскердик аракеттеринин театрына айланды

Асад: Сирия Батыш менен Орусиянын аскердик аракеттеринин театрына айланды

Сирия Орусия менен Батыштын ортосундагы жаңжалдын зонасына айланды. Бул туурасында Сирия президенти Башар Асад “Комсомольская правда” гезитине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, соңку айлардагы окуялар Муздак согуштан артык көрүнүшкө ээ болуп жатканын белгиледи.

Орусия бир жыл мурун сирия жаңжалына толугу менен киришип, авиасоккуларды жасоо үчүн бомбалоочуларын жөнөткөн. Алар Сирия аскерлеринин кургактагы аракеттерине колдоо көрсөтүүдө. Натыйжада бул урушта күчтөрдүн балансы Сириядагы башкаруу режиминин пайдасына өзгөрүп жатат. Кошмо Штаттар менен европалык державалар Асадка каршы күрөшкөн козголоңчуларды колдосо да аскер жардамдарын беришкен жок.

Асад орусиялык басылмага берген маегинде Анкаранын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларын Түркиянын Сирия менен чектешкен аймактарынан сүрүп чыгаруу кампаниясына да токтолду. Асад муну Сирияга “кол салуу” деп атады.

Мындан тышкары Асад Сауд Арабия жардам берүүнү сунуштаганын, бирок Сириянын башкы өнөктөшү Иран менен кол үзүү боюнча шарт койгонун билдирди.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....

ДҮЙНӨ 2016-05-06  17:52

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...

ДҮЙНӨ 2016-05-06  18:02