Путин орусиялык базаны Сирияда мөөнөтсүз жайгаштырууну мыйзамдаштырды
Орусия президенти Владимир Путин Сириянын аймагына орусиялык авиатопту мөөнөтсүз жайгаштыруу боюнча келишимди ратификациялады. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
Буга чейин документти Мамлекеттик думанын депутаттары жана Федерация Кеңешинин мүчөлөрү да колдоп берген.
Келишимде авиабаза Латакиядагы Хмеймим аэродромуна Дамасктын өтүнүчү менен жайгашканы айтылган. Авиабазанын аймагы жана инфраструктурасы Орусияга мөөнөтсүз негизде колдонууга берилет.
Федерация Кеңешинин эл аралык комитетинин башчысы Сирия менен түзүлгөн келишим үчүнчү өлкөлөргө багытталбаганын жана коргонуу мүнөзүнө ээ экенин баса белгиледи. Коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Виктор Озеров авиатопту жайгаштыруу менен Орусия Сириядагы абалды турукташтырууга “конкреттүү салым кошуп” жатканын айтты.
Келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбооруна өткөн жылы кол коюлган. 2016-жылдын август айында документ президент тарабынан Мамлекеттик думага жолдонгон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









