Жалал-Абад шаарында “Бирге диабетке каршы күрөшүү” аталышында акция өткөрүлдү
Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик аянтында “Бирге кант диабетине каршы күрөшүү” аталышында акция өткөрүлдү. Бул тууралуу “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурхан Жумабаева билдирди.
Анын айтымында, кант диабети улгайган адамдарда гана эмес, жаш балдар арасында көп катталууда. Ошондуктан бул иш-чара балдары кант диабетинен жабыркаган ата-энелерге туура багыт берүү, коомчулук арасында кан диабети тууралуу кабарлоо, ал кандай оору жана ооруга кабылган жаш балдарды кантип дарылоо, аны алдын алуу жолдору боюнча кеңештерди берүү максатында шаарда биринчи жолу уюштурулду. Акцияга шаардык активисттер, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, ата-энелер жана студенттер катышты.
- Учурда өлкө боюнча 51 миң адам кант диабетине чалдыккан деп табылса, алардан Жалал-Абад облусу боюнча он сегиз жашка чейинки 56, ал эми он төрт жашка чейинки 46 бала оорулуу деп табылган. Оорууга чалдыккандар дарылоодогу эрежелерди так сактаса, бул ооруудан айыгууга болот. Жылына Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан мамлекеттик кепилдик программанын негизинде кант диабети менен ооруган бейтаптарга дары-дармектер акысыз берилип келет, - дейт Н. Жумабаева.
Акциянын соңунда шаардагы “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмеси менен биргеликте иш алып барган медицина кызматкерлерине Ардак грамоталар тапшырылды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13