Тажикстандык согушкерлердин 90% интернет аркылуу азгырылган
Тажикстан Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча Сирия жана Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп жүргөн тажик жоочуларынын 90% интернет аркылуу азгырылган.
Көзөмөл орган билдиргендей, алардын ичинен 85% эмгек мигранттары болгон жана экстремисттик топторго Орусияда жүргөндө кошулуп кетишкен. Бул тууралуу "Радикализм жана экстремизм көйгөйлөрүн чечүү жолдору" деген эл аралык конференцияда Башкы прокуратуранын өкүлү Маризо Халифазода билдирди.
Анын айтымында, коңшу Ооганстандагы абалдын начарлашы Борбор Азия, анын ичинде Тажикстанда экстремисттик идеалардын жайылышына түрткү берүүдө.
Халифазода экстремизмге каршы күрөшүүдө ар кыл мазхаб жана конфессия өкүлдөрү биргеликте тынчтыкта жашаса гана бул көйгөйдү жеңүүгө болот деген пикирде.
Тажикстанда экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын колдоосу менен иштелип жатат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









