KELECHEK
rek

Алмазбек Атамбаев: Жарандарыбыздын көп жылдан берки кажыбаган эмгеги менен Кыргызстан жылдан жылга бекемделип, айдан айга өрүш алууда

Алмазбек Атамбаев: Жарандарыбыздын көп жылдан берки кажыбаган эмгеги менен Кыргызстан жылдан жылга бекемделип, айдан айга өрүш алууда

Кечээ, 11-октябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын «Эне-Сай» конок үйүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен  сыйлоо аземи болду.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы башкаларга үлгү болгон адамдарга жогорку сыйлыктарды тапшыруу ал үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Алмазбек Атамбаев алардын жана аларга окшогон миңдеген жарандарыбыздын көп жылдан берки кажыбас эмгеги менен Кыргызстан жыл өткөн сайын бекемделип, өрүш алып баратканын баса белгилеп айтты.

Президент көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмер Исхак Раззаковго өлгөндөн кийин ыйгарылган «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын анын кызы Эльмира Раззаковага тапшырды. Ошондой эле Президент милиция кызматкерлери Самат Жээнбековго, Пиридинбай Исмановго жана Алмазбек Сулаймановго курман болгондон кийин ыйгарылган  «Эрдик» медалдарын алардын жакындарына тапшырды.

Бардыгы болуп 252 жаран мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле бардык сыйлангандарга 10 миң сомдон, ал эми өлгөндөн кийин сыйлангандардын үй-бүлөлөрүнө – 20 миң сомдон тапшырды. Бул каражаттар Мамлекет башчысынын чечими боюнча Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондусунан бөлүнгөн.

Президенттин сөзүнүн тексти:

 Урматтуу мекендештерим!

 Урматтуу сыйлык ээлери!

 Бүгүн сиздерге сыйлык тапшыруу мен үчүн чоң сыймык! Сиздер жана Сиздерге окшогон көптөгөн жарандарыбыз күн сайын Мекенибизди өнүктүрүп, гүлдөтүп жатат.

Мен элибиздин атынан баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм жана баарыңыздарга, сиздердин үй-бүлөңүздөргө, жакындарыңыздарга узун өмүр, чың ден соолук, бак-таалай каалайм.

 Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү салтанаттуу иш-чаранын өзүнчө өзгөчөлүгү бар:

Мамлекеттик эң жогорку сыйлык менен сыйланган урматтуу инсандарыбыздын бири – кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков арабызда жок. Ал көзү өткөндөн кийин сыйланып жатат.

Исхак Раззаков бүт өмүрүн, күч-кубатын жана саламаттыгын элине кызмат кылууга арнап, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына эбегейсиз зор салым кошту. Бирок учурунда анын эмгеги татыктуу бааланбай калган. Мына ушул тарыхый адилетсиздикти жоюп, Исхак Раззаковго элибиздин атынан “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку наамды ыйгаруу менен биз анын жаркын элесинин алдында парзыбызды аткардык. Бүгүн бул жогорку сыйлыкты анын кызы Элмира Исхаковнага тапшырабыз.

Исхак Раззаковдун бүт өмүрү, эмгек жолу жана инсандык бийик сапаттары баарыбыз үчүн, айрыкча саясатчылар менен мамлекеттик ишмерлерге бүгүн да үлгү болушу керек.

Исхак Раззаковдун аты эч убакта унутулбайт. Анын “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” деген сөзү ар бирибиз үчүн аталык осуят болуп калды.

Тилекке каршы, азыр арабызда милиция кызматкерлери Самат Жээнбеков, Пиридинбай Исманов жана Алмазбек Сулайманов да жок. Бул биздин кырчындай жигиттер кызмат үстүндө курман болушту. Жараткан алар көрбөй калган жакшылыкты балдарына, жакындарына берсин!

 Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын башкы байлыгы – бул биздин элибиз! Кыргыз элибиздин эң көрүнүктүү адамдардын өкүлдөрү сиздерсиңер. Элибиздин атынан ыракмат сиздерге!

Уважаемые соотечественники!

Вручение высоких наград нашего государства людям, которые являются примером для других, для меня большая честь. 

Вы все нам очень дороги – и для нашего общества, и для меня лично. Я выражаю вам благодарность за ваши заслуги. Выражаю вам благодарность за вашу добросовестную и самоотверженную работу.

От своего имени, от имени всего народа Кыргызстана поздравляю вас с высокими наградами Отечества!

 Уважаемые кыргызстанцы!

На днях на интернет-сайте одной зарубежной страны я прочитал интересную заметку. В ней рассказывается, что не имеющие ни газа, ни нефти кыргызы, опираясь только на собственные силы, нашли свой собственный путь – и всё государство в целом, и каждый гражданин в отдельности. И поэтому кыргызы не боятся кризиса, а страны, живущие лишь за счёт своих нефтегазовых ресурсов, оказались не готовыми к вызовам мирового кризиса.

Трудности закалили нас, и в результате у нас выработался настоящий иммунитет к любым кризисам и  бесстрашие перед любыми вызовами и испытаниями. Те, кто ещё вчера писал, будто Кыргызстан несостоявшееся государство без будущего, теперь сами признают, что экономический кризис неумолимо выявил, кто есть кто и кто чего стоит.

В этих успехах есть и ваш громадный вклад, ваша заслуга! Поэтому разрешите мне еще раз поздравить вас с высокими государственными наградами и пожелать вам крепкого здоровья, долгих лет жизни, успехов в работе и главное – простого человеческого счастья!

Мира и благополучия нашей Родине! Потому что мы можем быть счастливы только здесь, на нашей Родине, в Кыргызстане!

Урматтуу мекендештерим!

Быйылкы жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. Ошондуктан маданият кызматкерлерине  көбүрөөк көңүл бурулду. Тарыхты изилдөөгө да жаңы дем бердик.

Өз тарыхын, тилин жана маданиятын сактабаган элдин жок болорун кылымдар далилдеди. Ошондуктан мамлекет мындан ары да маданият менен тилди өнүктүрүүгө, тарыхты изилдөөгө өзгөчө көнүл буруш керек!

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында көп сандаган иш чаралар өтүп жатат. Анын эң көрүнүктүүсү, албетте, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болду. Адамдарыбыздын чыгармачылыгына чек жок экенин, ата-бабалар мурасы соолубас  булак болгонун дагы бир жолу көрдүк.

Кыргызда “Дөөлөт тоголок, мээнет жалпак” деген сөз бар. Бул деген дөөлөт келди-кетти, ал эми мээнет түбөлүктүү деген сөз. Ким мээнеткеч болсо, анын акыбетин сөз жок көрөт. Ошондуктан, “Мээнетине жараша – дөөлөт” деп айтылган эмеспи. 

Сиздер да ошол мээнетиңиздердин үзүрүн көрүп, эл-журттун урмат-сыйына татып отурасыздар. Чыныгы патриоттор, мекенчилдер деп сиздерди айтууга тийишпиз. Сиздер сыяктуу кайраткер, күжүрмөн адамдар болгон үчүн мекенибиздин келечеги кең.

Кыргыз элинин атынан баарыңыздарды дагы бир жолу куттуктайм!

Сыйлыгыңар кут болсун!

Өмүрүңөр узун болсун!

Баарыңыздарга чың ден соолук, бак-таалай каалайм!

Бар болуңуздар!

Жараткан элибизге ынтымак, жергебизге берекет берсин!

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18