KELECHEK
rek

Орусия менен Түркия «Түрк агымы» газ кууру боюнча келишимге кол коюшту

Орусия менен Түркия «Түрк агымы» газ кууру боюнча келишимге кол коюшту

Орусия менен Түркия «Түрк агымы» газ кууру долбоору боюнча макулдашууга келишти. ТАСС агенттигинин билдиришинче, документке Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн энергетика министрлери кол коюшту.

Буга чейин «Газпром» компаниясынын башчысы Алексей Миллер макулдашууда Кара деңиздин түбү аркылуу магистралдык түтүктүн эки куурун куруу каралганын билдирген. Миллердин айтымында, алар 2019-жылдын декабрына карата салынып бүтүшү керек.

2014-жылы газ куурунун үчүнчү энергопакетке шайкеш келиши керектигин билдирген ЕБдин талаптарынан улам Орусия «Түштүк агымды» куруудан баш тартып, альтернативдүү долбоорду — «Түрк агымын» ишке ашырууну баштаган. Бирок эки тараптуу мамилелердин суушуна байланыштуу долбоор боюнча сүйлөшүүлөр убактылуу токтогон. Алакалардын кайра жанданышы менен долбоор боюнча иштер башталды.

Ошондой эле Орусия Түркиядан жемиштерди алып кирүүгө киргизилген чектөөлөрдү жарым-жартылай алууну чечти. Алгачкылардан болуп орус базарында түрктөрдүн цитрус жемиштери, шабдаалы, кара өрүктөрү пайда болот. Бул тууралуу ТАССка Россельхознадзордун жетекчисинин жардамчысы Алексей Алексеенко билдирген.

Бүгүн Орусия президенти Владимир Путин орусиялык базарга түрк айыл чарба товарларынын тобун өткөрө турганын билдирди.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52