Жалал-Абад шаарында 2015-2016-жылдары энелер өлүмү катталган жок
Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун, шаардагы медициналык жамааттын жана шаар бийликтеринин чогуу жасаган аракеттеринин аркасында энелердин саламаттыгы жагынан кыйла алга жылыштар болуп жатат.Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Хадича Пратова билдирди.
- Өткөн 2015-жылы шаардын калкынын саны 95 миң 790 киши болсо, 2016-жылдын 9 айында 96 миң 725 адамды түздү. Анын ичинен аялдардын саны былтыр 48 миң 638 болсо, быйылкы жылдын 9 айында 49 миң 592ге жетти. Эң негизгиси, 2015-2016-жылдары бизде энелер өлүмү катталган жок.Бул биздин гана эмес, республиканын сүйүнүчү десем болот, - дейт ал.
Ошондой эле, Х.Пратова 2016-жылы бир жашка чейинки балдардын өлүмү 7,7 пайызга азайганын да билдирип, энелер жана жаш балдар өлүмүнүн алдын алуу боюнча ар кандай түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын, ушул жылы 1200 кош бойлуу аялдарга камсыздандыруу күбөлүгү алынып берилгенин, аз кандуулук боюнча 320 аялга рецепт жазылып берилгенин кошумчалады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38