KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазов мектептерде мугалимдер менен жолугушууларды өткөрүп жатат

Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазов мектептерде мугалимдер менен жолугушууларды өткөрүп жатат

Жалал-Абад шаарындагы №9 инновациялык мектебинин педагогикалык жамааты бүгүн, 10-октябрь күнү шаар мэри Салайдин Авазов менен болгон жолугушууда андан дагы бир мөөнөткө шаардын мэри катары иштеп беришин суранышты. Ал эми шаар мэри бул маселени шаардын шайлоочулары чече турганын билдирди.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, кийинки 2017-жылга шаар бюджетин, аткарыла турган иштердин багыттарын так аныктап алуу максатында шаар мэри С. Авазов шаардагы эмгек жамааттары менен болгон жолугушууларын баштады. Жолугушууда мугалимдер шаардын жакшы жагына өзгөрүп жатканын белгилешип, тротуарларды жакшыртуу, тазалыкка көңүл буруу, “Спутник” кичи районунда эс алуу зонасын куруу сыяктуу сунуштарды айтып чыгышты.

Анан да мугалимдер шаар мэринин жакшы иштеп жатканын белгилешип, шаарда дагы бир мөөнөткө ушул кызматта иштеп беришин суранышты. Буга шаар мэри бардык маселелени шайлоочулар чече турганын билдирди.

- Бизде баарын эл чечет, ким кай жерде иштеши керек болсо, ал да элдин таразасына салынат. Жергиликтүү кеңештин шайлоолорунда кайсы партия элдин ишенимин көп алып, көп мандатка ээ болсо, ошол партия шаардын мэрин шайлап алат. Ошону үчүн тандоо жагы элге берилген, - деди ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри С. Авазов 2014-жылы сентябрь айында шаардык кеңештин 31 депутатынын 30нун добушу менен шаар мэри болуп шайланган. ​​​

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13