АКШ элчилигинин ыктымал теракт жөнүндөгү билдирүүсү иликтенүүдө
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан ыктымалдуу теракт тууралуу кабар боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Атайын кызмат элчиликтен маалымат келбегенин, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан билдирүү боюнча эле иликтөө жүрүп жатканын айтууда.
Андан тышкары, Тышкы иштер министрлиги да бул маалыматты териштирүүгө киришкени кабарланды.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөгө келүүнү пландап жаткан жана бул жерде жашаган атуулдарын жеке коопсуздугуна дыкат мамиле жасоого чакырган. Бул тууралуу атайын билдирүү 9-октябрда элчиликтин расмий сайтында жарыяланган.
Билдирүүдө: “АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жергиликтүү бийлик менен чет элдик дипломаттарга каршы террордук чабуул, адамдарды барымтага алуу же уурдоо сыяктуу окуялар октябрь айында болуп кетиши ыктымал деген маалымат алды. Ушундан улам элчилик өз атуулдарын сак болуп, коомдук жайларда коопсуздукту сактап, эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырат. Жергиликтүү бийликтин коопсуздук боюнча көрсөтмөсүн так аткарып, ММКдагы маалыматтардан кабардар болуп туруңуздар. Кандайдыр бир демонстрация же массалык жүрүштөрдөн алыс болуңуз”, - деген көрсөтмө жазылып, элчилик менен байланыш номурлары көрсөтүлгөн.
Бул арада Кыргызстанда октябрь айында террордук чабуул жасалып, адамдарды барымтага алуу сыяктуу окуялар болушу ыктымалдыгын Улуу Британиянын Бишкектеги элчилиги да эскертти. Мындай билдирүү элчиликтин Фейсбуктагы расмий баракчасына 9-октябрда жазылды. Билдирүүдө Кыргызстанда жүргөн британиялыктарды этият болууга чакыруу жасалган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









