KELECHEK
rek

Дүйнөлүк мелдештен жеңиш менен кайткан жаш спортчуларды чоң салтанат менен тосуп алышты

Дүйнөлүк мелдештен жеңиш менен кайткан жаш спортчуларды чоң салтанат менен тосуп алышты

Россиянын Анапа шаарында болуп өткөн кикбокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк мелдеште Кыргызстандын атынан барып, чемпиондукту жана байгелүү орундарды ээлешкен жаш спортчуларды Жалал-Абад шаарынын Курманбек дарбазасынан шаардын коомчулугу чоң салтанат менен тосуп алышты.

Намыска жараган жаш спортчуларды тосуп алуу учурунда Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын башчысы Жеңиш Жоробеков, ошондой эле шаардагы Экономика жана ишкердик университетинин ректору Абдилбает Мамасыдыков куттукташты.

Дүйнөлүк мелдеште биринчи орунду багыткан Мурзаканов Шамилге, экинчи орунду алган Касымов Мирбекке ийгиликтерди каалашып, келген жетекчилер өздөрүнүн белектерин тапшырышты. Ал эми Экономика жана ишкердик университетинин ректору А.Мамасыдыков бул жаш спортчулардын аталган окуу жайда акысыз билим алышына шарт түзүлгөнүн билдирди.  

- Россияда өспүрүмдөр арасында спорттун кикбокс түрү боюнча мелдеште Жалал-Абаддын спортчулары биринчи жана экинчи орунду багынтып келишти. Бул эки спортчубуз №1 спорт мектебинде 7 жылдан бери машыгып келе жатышат, экөө тең аябай аракетчил балдар, түнү-күнү дебей чемпионатка даярдык көрүшкөн эле, эми минтип акыбети кайтып олтурат. Сыйлык бул жигиттердики болсо, сыймык биздики. Ар дайым спротчуларыбыз менен сыймыктанабыз, - дейт жаш спортчулардын машыктыруучусу Алишер Акимбаев.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20