KELECHEK
rek

Жалал-Абадда депутаттар муниципалдык маанилүү маселелерди карап чыгышты

Жалал-Абадда депутаттар муниципалдык маанилүү маселелерди карап чыгышты

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги 37-сессиясы болуп, анда жалпысынан 5 маселе каралды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, сессияда негизинен алдыда өтүүчү шаардык кеңештин депутаттарын  шайлоо боюнча жана участкалык шайлоо комиссияларынын негизги курамы, кошумча курамы тууралуу маселе каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

Андан тышкары, сессиянын жүрүшүндө Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2015-жылдын 2-жарымында жана 2016-жылдын 1-сентябрына чейин кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жана аткарылбай калган токтомдордун себептери боюнча депутаттардын талкуусу жүрдү. Анда жалпы 98 токтом кабыл алынып, алардан 3 токтом прокуратура тарабынан жокко чыгарылгандыгы, ал эми 4 токтом аткарылбай калгандыгы белгиленди.

Сессияда “Жалал-Абадсууканал”  башкармалыгынын суу насосторун сатууга уруксат берүү, 2016-жылы “Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча маселелер каралып, токтомдор кабыл алынды. Ошондой эле, Ч.Айтматов аймактык башкаруусундагы Пахта көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө маселе каралып, ал көчөгө окумуштуу, жазуучу, сатирик Муктар Борбугуловдун ысымы ыйгарылды.

Күн тартибине коюлган маселелерден тышкары, шаардын вице-мэри Урмат Маматов шаардагы кышка карата даярдык маселеси боюнча депутаттарга маалымат берип өттү.

Анын айтымында, кышка карата мектептерге жалпы 875 тонна көмүр сатылып алынып, мектептерге жеткирилип берилди. Учурда базарда көмүрдүн баасы 3 сомдон 5 сомго чейин сатылууда. Шаарда 214 үй жылуулук менен камсыздалат, алардан 37си  көп кабаттуу үйлөр. Ага кошумча алдыда дагы 4 көп кабаттуу үйдү жылуулук менен камсыз кылуу маселеси каралууда.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12