KELECHEK
rek

Александр Лукашенко Ислам Каримовдун сөөгү коюлган күмбөзгө барды

Александр Лукашенко Ислам Каримовдун сөөгү коюлган күмбөзгө барды

Беларус президенти Александр Лукашенко бейшемби күнү жумушчу сапары менен Өзбекстанга барды. Самаркандда ал өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Лукашенко кызматташуу үчүн өлкөлөр ортосунда чоң потенциал бар экенин айтты.

«Биз өз ара мамилебизди чыңдоо жана экономикалык кызматташтык багытында бир аз артта калдык. Жакынкы эки-үч жылда сөзсүз түрдө мындай күлкү келтирген товар алмашуу көлөмүнөн арылабыз деп ишенем. Бизде потенциал абдан чоң. Бизге силер керексиңер, силерге биздин экономика керек», – деди беларус лидери.

Шавкат Мирзиёев Беларусту «эзелки өнөктөш» жана «достук мамиледеги өлкө» деп атап, учурдагы товар алмашуу көлөмү эки өлкөнү тең канааттандырбасын билдирди.

Самаркандда Лукашенко Ислам Каримовдун жубайы менен жолугуп, ага көңүл айтты. Ошондой эле Беларус президенти Шахи Зинда мемориалдык комплексинин жанында жайгашкан «Хазрат Хизр» көрүстөнүнө барып, Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл койду.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18