KELECHEK
rek

Евробиримдикте Чек ара жана жээк кайтаруу кызматы иштеп баштады

Евробиримдикте Чек ара жана жээк кайтаруу кызматы иштеп баштады

Бейшембиде миграциялык каатчылык менен күрөшүүнүн алкагында Евробиримдикте Европанын чек ара жана жээк кайтаруу жаңы кызматы өз ишин баштады. Алгачкы миссиясы Болгария менен Түркиянын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекетте ачылды.

Жаңы кызматтын башкы кеңсеси Варшавада жайгашкан. Декабрдан тарта ал 1500 чек арачынын резервине ээ болот. Кризистик абал жаралса алар Евробиримдиктин сырткы чек араларына тартылышат. Кызмат Европада башкалка таба албаган мигранттарды мекенине кайтаруу үчүн өз алдынча авиакаттамдарды да уюштура алат.

Европанын чек ара жана жээк кайтаруу кызматы - Европа биримдигинин тарыхындагы сырткы чек араларды көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн алгачкы улуттук кызмат болуп калды. 2015-жылы Европага башкалка издеп Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн бир жарым миллиондон ашык мигрант барган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52