
Багдад: жардырууга дуушар болгондордун абалы өтө оор

Ирактын баш калаасы Багдад шаарындагы ачык базарда унаа жардырылып, 60 адамдын өмүрү кыйылды. Дагы 100дөй киши жарат алды, айрымдарынын абалы оор. Бир канча имараттарга жана машинелерге зыян тийди.
Жардырууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды. Бул окуя Багдаддагы эң үрөй учурган теракт деп сыпатталууда. Маалыматтарга караганда, Садр районунда жанкечти жардыргыч зат жүктөлгөн унаа менен базарга чабуул койгон.
Reuters агенттиги Ирак полициясына таянып, курмандыктар саны дагы өсүшү ыктымалдыгын билдирди. Экстремисттик топтун он-лайн билдирүүсүндө суннитер шиит кошундарын бутага алганы белгиленет.
Апрелдин башында Багдадда бир нече ири жардыруу катталып, ондогон адамдын өмүрү кыйылган. Бул жолкусу сонку мезгилдеги эң ири капсалаңдуу окуя катары бааланууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05