Жалал-Абад шаар аймагында 9 ай ичинде 66 өрт кырсыгы катталды
Жалал-Абад шаар аймагында 9 ай ичинде 66 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 6 миллион 101 миң 615 сомду түздү. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Токтосунов билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардын аймагында жайгашкан мамлекеттик жана чарбалык объектилерде, ошондой эле жеке менчик мекеме, уюм, ишканаларда, атуулдардын турак жайларында өрт кырсыктарын алдын алуу жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу мамксатында 2016-жылдын 3 квартал ичинде өрткө каршы профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.
- Биздин бөлүм тарабынан жергиликтүү бийлик органдарына 48 жолу маалыматтар берилген. Чарбалык объектилерде, турак жайларда өрт кырсыктарын алдын алуу багытында чарбалык объектилердин кызматкерлери менен 47 лекция жана 210 өрттүн алдын алуу боюнча инструктаждар өткөрүлдү. Ал эми күжүрмөн даярдыктагы кызматкерлердин өрттү өчүрүүдөгү ыкчам аракеттеринин натыйжасында 15 миллион 90 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калды,- дейт ал.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05