Ош шаарынын 3016 жылдыгы белгиленди
Кечээ, 5-октябрда борбордук аянтта Ош шаарынын 3016 жылдыгы салтанатттуу белгиленди. Майрамдык салтанатка КРнын биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ЖКнын депутаттары, Түркия, Россия, Казакстан, Таджикстандан келген расмий өкүлдөр жана шаар тургундары катышты.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев шаар тургундарын майрамы менен куттуктап, ата-бабалардан калган, кылымдарды каарыткан шаарды мындан ары өнүккөн калаага айландырып, келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү, бүгүнкү күндө эң негизги милдет деп билдирди.
"Бүгүн өлкөбүздө чоң майрам. Анткени экинчи борбор болуп эсептелген Ош шаары 3016 жылдыгын белгилеп жатат. Борбордук Азия мейкиндигинде өзгөчө орунда турган саясий, экономикалык жана маданий борбор, өзүнүн георгафиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу Чыгыш менен Батышты бириктирген Улуу Жибек Жолунун тоомундагы маанилүү түйүн болуп эсептелинген шаардын күнүн белгилеп жатабыз. Ынтымак менен биримдикти туу тутуп, 80ден ашуун улут жашап келе жатабыз. Бүгүнкү күндө Ош шаары өнүгүү жолунда бара жаткан шаарлардын катарын толуктайт.
Тарыхка бай шаар гүлдөп өсүп, меймандос эли, баалуу мурастары менен дагы кылымдарды каарытсын. Майрамыңыздар менен!”-деди А.Кадырбаев.
Майрамдык салтанат, “Ош шаарынын сыймыктары” -шаардын өнүгүшүнө салым кошкон социалдык, экономика, өндүрүш тамактарынын өкүлдөрүнүн салтанаттуу жүрүшү менен башталды. Андан соң борбордук аянтта театралдашкан оюн-зоок, концерттик программа тартууланды. Анда, “Байыркы Ош шаары-Улуу Жибек Жолунун маданий борбору” аттуу тарыхый көрүнүш, “Бактылуу балалык” хореографиялык музыкалык композициялар, клоундар жана кереметтүү шар көбүктөр шоусу, “Ош шаары-ооматтын, берекенин, ынтымактын жана тынчтыктын ордосу” аттуу Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын түштүк бөлүмүнүн катышуусунда майрамдык белек, 500 комузчунун аткаруусундагы “Маш ботой”күүсү, “Устат-шакирт” фолькрлордук ансамблинин композициялары, жаштардын бийи (флеш-моб) орун алды.
Майрам, кечинде борбордук стадиондо чоң программадагы гала концерт менен уланды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18