Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кыянбек Сатыбалдиев дайындалды
Бүгүн, 6-октябрь күнү саат 8де КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө активдин жыйыны болот. Анда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматовичти өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү катары активке тааныштырышат.
Мурдагы өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгамбердиева үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрь күнү КР өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин директору болуп дайындалган болчу. Ошондон бери бул бош кызмат орунга ким келээри табышмак болуп, ар кимди божомолдоп жатышкан.
Жаңы жооптуу кызматка дайындалып жаткан Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 1977-жылдын 28-апрелинде Майлуу-Суу шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1996-жылы «Майлуу-Суу электр-механикалык техникумун “техник-технолог» адистиги боюнча бүтүргөн. 2013-жылы Экономика жана ишкердик университетинин «бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолун 2007-жылы «Ак-Жол-2000» фермердик чарбасында иштөөдөн баштаган. Ал эми 2007-2013-жылдар аралыгында «Ак-Жол-2000» фермердик чарбасынын коммерциялык директору болуп иштеген.
2013-2015-жылдары Майлуу-Суу шаарынын мэри болгон.
2015–жылы 4-октябрда Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырлыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









