
Жалал-Абадда мугалимдер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы драма театрында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, ага Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, депутаттардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев жана шаардагы окуу жайлардын жана мектептердин мугалимдери катышышты. Алгач шаар мэри жана депутаттардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы кесип ээлерин майрамдары менен куттуктап, алдыңкы мугалимдерге шаардык мэриянын ардак грамотасын тапшырышты.
- Мугалимдин жумушу өтө оор жана жоопкерчиликтүү. Сиздер биздин келечегибиз болгон жаштарды даярдап, аларга татыктуу билим берип, келечекке салым кошуп жатасыздар. Сиздердин өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодогу эмгегиңиздер баа жеткис, өлкөнүн келечеги сиздердин ишиңиздерден көз каранды,- деди шаар мэри С. Авазов.
Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү концерттик программа менен улантылды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30
Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө
Каракалпакстандын Нукус районунда нак акчанын жоктугунан улам мугалимдерге маянанын ордуна жөжө...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 10:32